АЛМАЗ ШААДАЕВ, ырчы: “КӨТӨРҮЛГӨН САЙЫН ЖАМАН КӨРСӨТКҮСҮ КЕЛГЕНДЕР КӨБӨЙӨТ ЭКЕН”

– Алмаз, кандайсың? Көлдөн келгениңе аз эле болуптур. Эс алдыңбы же гастролдодуңбу?

– Жакшы, өзүңөр жакшысыңарбы? Быйылкы жай гастроль менен өттү. Бир жарым ай Ысык-Көл облусунун айылдарында гастролдоп Бишкектин ысыгын билбей деле калдым. Сууга түшүп эс алып, аны менен кошо ырларымды элге сунуп кайттым.

– “Эми мага баары бир” аттуу ырыңдын клиби интернетте эң көп каралууда. Клип тартып жатканда ушундай болот деп ойлодуң беле?

– Бул ыр “Фаридамдан” кийинки ийгиликтүү ырлардын бири болду. Сөзү, обонун жазган Гүлжигит Сатыбеков байке аккордеон менен ырдап жүргөнүнөн аранжировкачы Эдил Маматов экөөбүзгө “ушул ырды аранжировка менен ырдаса кандай болор экен?” деген ой келип, Гүлжигит байкеге телефон чалып сурасам уруксат берди. Эң башкысы ушундай ырды жаратып койгонуна Гүлжигит байкеге рахмат. Андан кийин Эрнист Сыдыков досум, менеджерим Индира эже болуп биргеликте клиптин идеясын ойлоп таап тарттык. Эрнист ошондо “бул клип аябай көп көрүүчү топтошу мүмкүн же такыр топтобойт” деген. Ал айткандай эле болду. Кыргыз шоу-бизнесинде интернетте эң көп көрүлгөн клип болуп рекорд койду. Клиптин чыкканына 5 ай болду, бул аралыкта аталган клип 8 миллион жолу көрүлдү. Элге жакты, себеби бул клипте карапайым элдин көйгөйү бар. Жараткан бул жашоодо ар бир адамга ар кандай сыноолорду берет, ошол сыноого кабылган адамдар клипти көрсө керек деп ойлойм.

– Клип тартуу учурунда кырсыкка кабылып калганыңды айттың эле.

– Негизи эле ар бир ырдагы, клиптеги окуялар жашооңдо да кайталанып калат деген сөздөрдү укчумун. Аталган клипти трагедия кылып тартканбыз. Сюжет боюнча машинаны жол кырсыгына кабылтып, “Тез жардам” унаасын, МАИ кызматкерлерин чакыртып тарткан элек. Клиптин акыркы эпизодун тартып, Эрнистти үйүнө жеткирип баратканда биз да жол кырсыгына кабылдык. Тагыраагы, менин унаамдын артынан башка унаа келип сүзүп, клиптегидей МАИ, “Тез жардам” кызматкерлери келип, чыныгы жашоомдо да ошондой кырдаал жаралды. Андан тышкары клипке тартылган кичинекей бала да клиптен кийин бутун сындырып кырсыктап калыптыр.

– Бул ыр боюнча “Гүлжигиттин ырын бузуп салды” дегендер да бар…

– Андай сын-пикирлер айтылып турушу керек. Интернетте клиптин алдына 4 миң комментарий жазылып, жакты белгисин баскандардын саны 30 миңден ашуун. Мен баарын окуган жокмун, бирок комментарийлердин 500ү жаман десе, калган 3500ү жакшы деп мактап жазса ошолорду угам. Хейтерлер жашоодо жашай берет. Жактыргандар угуп жатат, жактырбагандарга, балким, бузуп салгандырмын. Бирок 8 миллион каралуу менен ыр көпчүлүккө жакканы далилденип турат.

– Хейтерлердин оюна караганда мактагандардын пикири маанилүү деп калбадыңбы. Мактоодон эргүү аласыңбы? Балким, сын-пикирлердин деле туура айтылгандарын кабыл алат чыгарсың.

– Негизи сын-пикирлерге сынбайм, хейтерлердин айтканын укпайм деле. Мени мактап, жакшы пикирлерин айткандардын оюн угуп ырахат алып, дагы иштегим келет. Сындап жазгандар мага менин айланамдагы эле көрө албаган адамдар жазып жаткандай сезиле берет.

– Чубак ажыны туураганыңар интернетте кызуу талкууланды. Ал киши же анын тарапташтары телефон чалган жокпу?

– Жок, эч ким деле чалган жок. Бирок комментарийге бизге ачууланып жазып жатышты. Аны туура кабыл алдым. Чынында бул күтүлбөгөн нерсе болуп кетти. Аалым тууралуу жаман айтып жатышса менин деле ачуум келмек. Аны биз жамандаган жокпуз, пародия катары эле тартып койгон элек. Чубак ажы тууралуу менин да оюм жакшы, сыйлайм. Сыналгыдан анын кеңештерин угам. Инстаграмда Чубак ажынын атын жамынган фейк аккаунт бизди жамандап чыгарды, бирок ага көп киши нааразычылык билдирип, баракчасы жабылып калды окшойт.

– Алпаруучу Айгүл Курманова “Алмаз мага карыз” деп чыкты эле. Карызыңдан кутулдуңбу?

– Ал эжени, чынын айтсам, тааныбайм. Аны менен “концертимди алып барыңыз” деп сүйлөшкөн эмесмин, менеджерим Индира эже сүйлөшкөн. Алгачкы концертим эле. Эже келип орусча алып барганда “кыргызча алып барса болмок” деп бир өкүнгөм. Бирок концерт соңунда ыраазычылык катары 100 доллар бергем. 10 миң сомго сүйлөшүлгөнүн деле билген эмесмин, кутулдум деп ойлоп жүргөм. Былтыр концертимдин алдында “3 миң сом карыз” деп жазып чыкты. Элге жарыя кылбай, өзүмө бир ооз чалып сураса болмок. Эгер мен ошондо бербейм десем жазса туура болот эле. 2 жыл өтүп кеткенден кийин элге жаман көрсөтүү максатында жазып чыкканын туура эмес ойлодум.

– Айланаңдагы эле адамдар көрө албаган учурлар сага байкалабы?

– Албетте, бул нерсе акыркы учурда аябай көбөйдү. Канчалык көтөрүлгөн сайын артыңдан жаман көрсөткүсү келгендер, сени психикалык жактан сындыргысы келгендер аябай көбөйөт экен. Андай нерсе жакында эле болуп өттү. Бир журналист кыз эфирине бара албай калсам мени жамандап, бир тараптуу материал даярдап чыкты, бирок максаты ишке ашкан жок. Мен мындан ары иштей берем. Көрө албагандар болуп турат. Мурда да Москва шаарындагы тойлордун биринен туңгуч президентибиз Аскар Акаев менен жолукканымды көрө алышпай, мени жамандагандар, талкуулагандар көп болгон. Бирөөгө ор казсаң, ошого өзүң түшүп калууну да ойлоно жүрүш керек.

– “Алмаз жылдыз болуп кетти” дегендер барбы?

– Албетте, андайлар болот. Эгер сен ырдабай жүрсөң, бирөө сага телефон чалса албай койсоң, эч ким эч нерсе дебейт. Анан сен ырдап, атың чыгып калгандан кийин сага бир таанышың чалса албай койсоң, “жылдыз болуп кетиптир” дейт. Бирок мен жылдыз болуп кеткен жокмун. Башында кандай болсом, ошондой эле бир калыпта жүрөм. “Жөнөкөйлүк адамдын жылдызы” деп коёт. Жөнөкөй эле баламын.

– Көп адамдар менен өз таламыңды талашып, уруша кеткениңди байкайм. Мүнөзүң чорт, ачууң чукул окшойт.

– Негизи менин мүнөзүм бир аз чорт. Ачуум бат келет, бетке айтам. Бирөө мен жөнүндө жаман айтып жатса ошол жерден дароо жарылам. “Кой, мен ырчымын, жаман көрүнүп калбайын” деген ой болбойт. Эгер бирөө намысыма шек келтирип жатса “мен ырчымын, жакшы сүйлөп коёюн” деген позиция менен жашабайм, керек болсо «ырдабай эле койдум, ошонун түбүнө жетип коёюн» дейм.

– Ырчылар көбүнчө “элдин көзүнчө уят” деп өзүнө чектөө коюшат. Сенчи?

– Мени жакшы билген досторум “Алмаз комплекси жок, орустардай” деп калышат. Ырдайм, ошол эле учурда бардык жерде эркин жүрөм. Жасалма болуп жүрө албайм. Сахнада да, жашоодо да окшошмун.

– “Шоу-бизнесте достук жок, болгону кызыкчылыктар бар” дешет…

– Шоу-бизнесте, балким, бир адам менен сырдашып, дос болушуң мүмкүн. Данияр Эрматов менен чыгармачылык тууралуу көп сырдашам. Калган шоу-бизнестеги достор бири-бирине жөлөк-таяк болушу мүмкүн. Чыгармачылыктагы шеринелеш досторумдун ар бири менен жакшымын, чыгарган ырларын, клиптерин сыйлайм, урматтайм. Алар клип тарттырып, ырдаса, “мен да иштешим керек”деп жакшы жагынан атаандашам. Шоу-бизнесте достук бар.

– Бири-бириңерден идея кызганасыңарбы?

– Андай деле болбойт. Баарыбызда идея ашып-ташып турат, чынында. Эгерде бири-бириңе жаман көз караш менен карасаң өспөйсүң. Бирөөнүн ийгилигине сүйүнүп турсаң, сага да ийгилик жылмаят.

– Сахналаш досторуң четинен бойдокчулук менен коштошо баштады. Сен качан коштошосуң?

– Кээде эртерээк үйлөнүп алсамбы деп ойлойм. Кээде дагы 1-2 жыл чыгармачылык менен иштеп, анан үйлөнөйүн деген ой келет. Жакшы кыз алдымдан чыкса үйлөнө бермекмин, бирок чыкпай жатат.

– Маегиңе рахмат. Тилегиңе жет!

БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу