Алмаз Шаадаев кирешеден өсүптүр,ролиги үчүн өкүнүптүр…

Жагымдуусу: Быйылкы жыл мага өтө жемиштүү, изденүүнүн жылы болду. Себеби өзүмдү чыгармачылыктан башка жаатта сынай баштадым. Тагыраагы соода-сатык тармагынан жакшы каражат алып келе турган булактуу болдум.

Жагымсызы: Чубак Ажы жөнүндө тарткан ролигим элдин назарына түшүп, чоң талкуу жаратты. Анда пародист досум Ажыны туурап, мен суроо бергем. Ролик жаккандыктан социалдык тармактардын бириндеги баракчама жүктөп койгом. Улам бир сайтка тарап отуруп элге жайылып, сынга кабылдым. Кылган ишиме өкүнүп, ойлонуп калдым. Бул окуя Чубак ажыдан жана элден кечирим суроо менен аяктаган.

БУЛАК:Леди. kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу