Алмаз Усеновдун бүгүнкү жашоосу УКМКнын кадырына доо кетирип аткандай…

Ортозаар кадр катары жасалма түскө боёлгон Алмаз Усеновдун президенттик аппараттын башчысына чейин көтөрүлүшү жомоктогудай эле ачылыш болгону эсибизде. Атамбаевге бөйпөңдөп, кубулма жүзүнө салуу менен алдап жүруп, Усенов убактылуу чоң ийгиликтерди багынткан. Акырында шефи оппозициялык нукка түшкөндө «аппаратчик» кайпактал, тапшырмаларды аткармак тургай артын карабай качканын эшиткенбиз.

Жөн кетпей Атамбаевдин каарына калып, катуу сокку жегенин да билебиз. Азыр болсо Усенов бийликте жүргөндө жасап алган бизнесин иштетип, кыйла эле акчага марып атканын билгендер божурашууда. Күч органдары бул жаатта текшерүүгө алышпаганы кызык го, ыя?

Кечээ эле эч нерсеси жок Усенов мамлекеттик кызматта жүрүп байыса, бизнес менен шугулданса, анан ага билмексен мамиле кылуу УКМКнын кадырына доо кетирип койбойбу?..

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу