Алмаз Орозалиев өтө катуу таарыныптыр…

Ички иштер министринин орунбасары Алмаз Орозалиевге генерал наамы берилбептир. Аны менен катар сунушталган Данияр Абдыкаров, Улан Исраиловдор алышты. Ырас тиги экөөнө бергенден кийин, токолдун баласындай кылбай Орозалиевге деле беришсе болмок экен. Ансыз да уят болушту, биротоло беттерин табактай кылып отурушмак. Улан Исраиловго караганда берки Орозалиев милийсага көбүрөөк кызмат кылса керек биз билгенден. Буга келгенде уяттуу болуп калгандарын кара. Негизи Исраиловдун бети аябай эле калың экен. Өзү деле уялып жатса керек ичинен, “мен кантип генерал болдум” – деп. Эми Алмаз көргүлүктү көрсөтсө экен буларга…өтө капа болуп жүрөт дейт.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу