Алмаз Кененбаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы: “Азиз Суракматов шайланып калса бардык жоопкерчилик ага жүктөлөт”

Толук бир жумадан кийин учурдагы эң маанилүү саясий окуяга айланган борбор калаанын мэри танталат. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде Азиз Суракматовдун Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча конкреттүү көз карашы бар экенин айткан. Бишкекте жолдордун оор абалы, кызмат көрсөтүү тармагындагы толуп турган проблемалар, булганган короолор жана жолдор, транспорт жана жашылдандыруу тармагында чоң көйгөйлөр бар. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын пикиринде, толгон-токой мындай маселелерди чечүүгө болот, ал үчүн жаңы мэр көрөгөчтүк менен иштеши керек. “Азиз Суракматов муниципалитетти ичинен терең билген адис. Ал кыйын учурда кырдаалдан ийгиликтүү чыгып кеткен жетекчи катары өзүн көрсөткөн”, — дейт ал. Учурда айрымдар Суракматовду сындап жатса, кээ бирөөлөр аны «фаворит» катары баалап жатат. “Бүгүнкү күндө мэр ким болот деген маселе маанилүү эмес, маселе анын шаар үчүн иштөө каалоосунда”, — дейт Кененбаев.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу