Алмаз Атамбаев Алайды кытайлыктарга сатып жибергенби?

Качандыр бир кезде Кытайдын экономикалык өнүгүшүн азил-тамашага салчу элек. Биз мектепте окуп жүргөндө, студент кезибизде, Кытай мамлекети жана анын жетекчилиги тууралуу анекдоттор болор эле. Кийинки жылдары, Жер жүзүндөгү калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү жашаган бул өлкө өтө тездик менен өнүгө баштап, өткөн кылымдын 90-жылдарында Кытай  өнүккөн мамлекеттердин катарынан белгилүү орунга ээ болуп турат.

Кытайдын экономикасын көтөрүүчү тармактардын өнүгүшүнүн себептери эмнеде болгон? Бул суроого жооп берүү бир жагынан татаал, экинчи жагынан оңой. Эми – эмнеси татаал, эмнеси оңой болгонун экономикалык эксперттерге калтыралы да, экономикалык өнүгүшүнө биринчи орунга түбөлүк достукту эмес, а мамлекеттик жана Кытай элинин  улуттук кызыкчылыктарын башкы орунга коюу менен өлкөнүн экономикалык өнүгүшүн туура тандоосу чоң түрткү берди десек, жаңылбайбыз.

Андыктан, Кытай абдан ыкчам өнүгүүгө бет алды. Анын экономикасы көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча АКШнын экономикасынан кийинки дүйнөдөгү экинчи экономикага айланууга жетишти. Арийне, арифметикалык прогрессияда өнүккөн мындай зор өндүрүштү ресурстар менен камсыздоо зарыл. Бөтөнчө чоң өлчөмдөгү газ керектелет. 2009-жылы Ашхабад менен Пекин Түркмөнстандан Өзбекстандын, Казакстандын жана  Кыргызстандын территориясы аркылуу Кытайга газ алып өтүү жөнүндө макулдашышкан. Көгүлтүр оттун көлөмү жылына 40 млрд куб метрди түзөт. Кытай газдын транзити үчүн  Кыргызстанга 2,5 млрд. доллар салык үчүн төлөйт.

Бир жагынан карап көрсөк, буга каршы деле эмес болчубуз. Кыргызстан үчүн мындай көлөмдөгү акча – бул кыйла эле чоң каражат. Бюджет бир далай эле толуп калмак. Бирок, жок… Бул Келишим… Бул долбоор Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес.

Кыргызстан аркылуу газды транзиттөө жөнүндө мыйзамга 2013-жылдын 31-декабрында кол коюлган. Кытай өзү 1,2 – 1,4 млрд доллар каражатка газ өткөөлүн куруп жатат. Кытай менен Түркмөнстанды бириктирген кубуртүтүк (трубопровод) Кыргызстан аркылуу жаткырылышы керек. Эгерде коңшулаш өлкөлөр менен, мисалы, Казакстан менен салыштырсак, Казак республикасы транзиттен жыл сайын 1 млрд долларга жакын акча алат. Кубуртүтүктүн участогу казак компаниялары тарабынан курулгандыгы мунун башкы себеби болуп саналат жана алар кубуртүтүктүн ижара акысы үчүн акча алышат, ал эми Кыргызстан тарабынан жер гана берилет жана кыргыз тарап транзиттен жыл сайын 30-40 млн доллар алат.

Мурдагы вице-премьер министр Базарбай Мамбетов Казакстандын жетекчилигинин позициясын билдирип: «Казакстан менен Өзбекстан түркмөн газын Кытайга транзиттөө үчүн өздөрү газтүтүктөрүн курушту жана жетектөөчү компанияларды түзүштү. Алар өздөрүнүн территориясында өз алдынча түтүктөрдү орнотуп, газдын транзитин камсыз кылышты жана эми мунун акысын ала башташат. «Казтрансгаз» казак компаниясы 1000 километрге чамалуу узундуктагы кубуртүтүк аркылуу газды транзиттөөнү жылына 1 млрддан ашуун долларга баалады», – деп айтты.

Кыргыз Республикасы “жетелеме торпоктой” Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргобостон, 35 жылда эки жарым миллиард доллар салык катары төлөп берет деп өпкөлөрүн чапкылагандар да жок эмес.

Келишимге кайрылсак, кыргыз тарап акча каражатын болгону жер үчүн гана салык алат. Ал эми кубуртүтүк кытай каражатына кытай адистери тарабынан курулат жана Кытайдын менчиги катары эсептелет. Ушундан улам Кытай армиясы КНРдин стратегиялык маанидеги объектиси катары кубуртүтүгүн өз күчү менен коргойт десек болот. Ошондой эле, кытай тарап анын бардык ишке жарамдуулугун камсыз кылат.

Демек, ал тургай кароол иттерден бери Кытай өлкөсүнөн алынып келинет. Эми ушундан улам элестетип көрсөк, беш миңдеген аскер кызматчылары үй-бүлөлөрү менен бүтүндөй Алай өрөөнүндө созулган стратегиялык объектиге көчүп келишет. Бул – демек, Алай Кыргызстан үчүн жок болду деген сөз. Анткени он эле кытайлык баш калкалап алган жерде, 10 миң кытайлык кирип келгенин эч ким байкабай да калат. Азыртан эле, Кыргызстанда лөлү көп. Лөлүдөн жүз эсе көп болуп калган кытайлыктар. Булар кыргыз кыздарды аялдыкка алып, жарандыкты алып, кыргыз жергесинде аман-эсен төлдөгөн кытайларды эсепке албаганда…

Бирок, ГКПЭН жетекчилиги Кытайга жердин берилиши жөнүндө эч кандай кеп болгон жок деп элди алдап,  ынандырып жатат. “Жер Кытайга кубуртүтүгүн эксплуатациялоо үчүн убактылуу пайдаланууга 35 жылга берилген”, – деп какшап жатышкан чактары.

Кызык, анда алайлыктарды башка  регионго 35 жылга көчүп турууну суранышабы? Анткени объект стратегиялык мааниде болгону турбайбы…

Биздин өлкөбүздөгү коррупциянын күчүн эске алсак, анда келесоо болуш кажетсиз. Долбоорго шашылыш мүмкүн болушунча тез кол коюлуп калгандай түр калтырат. Мындай ири долбоорлор экономикалык жактан дагы, экологиялык жактан дагы тыкыр талдоодон өткөрүлүшү керек. ГКПЭНдин билдиришинче, газтүтүгү жер алдынан өтөт. Келишимге ылайык, Кыргызстан транзиттик мамлекет болуп гана саналат.

Атамбаев кебетеси, анда Кыргызстандагы Газпромдун абсолюттуу монополиясы менен ажыдаардык бааларына маани бербеген шекилдүү, а эгерде кыргызстандыктар кытай газын дагы сатып ала алышса, анда атаандаштык үчүн шарттар түзүлмөк. Антсе дагы, Кыргызстан менен россиялык газөндүрүшүнүн  ортосундагы келишимге ылайык, Кыргыз Республикасы үчүнчү өлкөлөрдөн газ сатып алуу укугуна ээ эмес. Бул Кыргызстан тарабынан күйүүчү майды сатып алууга дагы байланыштуу. Андыктан, бизде Казакстан менен Өзбекстандагы чекене бааларга караганда дүң баалар  кыйла эле жогору. Атамбаев Кыргыз Республикасын мына ушундай “тузакка” отургузуп кетти.

Кайрадан, Кыргызстан аркылуу түркмөн газын Кытай керектөөчүлөрү үчүн транзиттөө жөнүндө маселеге келсек, мындай мегадолбоорду кабыл алуудагы шашылыш чечим Кыргызстан аркылуу газ кубуртүтүгү долбоорунда кооррупциялык схемалар аралашкан деген ачык-айкын ойду пайда кылат. Ал эми Алайдын жашоочулары тууралуу бийликтегилер ойлоп дагы коюшкан эмес…

Кандай болгон күндө да газ түтүгүн 2019-жылдын аягында куруп башташат,  курулуш 3 жылга созулат, ал эми газ түтүгүн эксплуатациялоо 35 жылга эсептелген. Кытай керектөөчүлөрү үчүн жакшы жаңылык болсо, кыргызстандыктар үчүн чекеге чыккан чыйкан өңдүү көп көйгөйдү туудурбай койбойт.

Мына ушундай… Эми, Атамбаев баштаган бийлик Алай өрөөнүн кытайлыктарга сатып жиберди деп ачык айтууга болобу?

Ырысбек Өмүрзаков, журналист

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу