Алмаз Абеков түрмөдөн ишкерлик кылабы?

Элдин 142 миллион сомун сол чөнтөгүнө сала коюп, уурулугу билинип калып колго түшкөн Алмаз Абеков деген кылмышкер бар. Ал өзү 25 жылга соттолгон. Эми торго түшкөн торгой эркиндике чыгуу үчүн жана ишкерлигин үзгүлтүкө учуратпоо үчүн кайсыл бийлик болбосун иштешүүгө даяр экен. Тактап айтканда Абеков түрмөдө компютер колдонууга уруксат алыптыр, ошону менен сырттан ишкерлик кылат экен деген маалыматтын чын бышыгын укук коргоо органдары текшерүүгө алабы? Ошол түрмөдөгү ишкерлиги токтоп калбасын деп түрмөдө жатып алып бийлике ылайыктуу билдирүү каттарын жазып туруу милдетин алыптыр.

Ал түрмөгө түшкөндөр зектердин «понятиеси» (түшүнүгү) менен жашоосу керек деп, крим дүйнөнүн мыйзамын улам сөз кылып кат жазбадыбы 5 күн мурун. Жазган катын окусак ким түрмөгө түшсө каралардын мыйзамы менен түрмөдөн отчет бериши керек экен. Коомго терс таасир бере турган ошондой ыплас маалыматтарды жарыялагандарды дагы УКМК көзөмөлдөшү керек!

Маалымат Руслан Дуйшекеевдин Фейсбук баракчасынан алынды

Аргумент.kg
Жооп калтыруу