Алмазбек Атамбаев өз бийлигинин доорунда контрабандалык «бизнес-империя» курган

Түрк ММКларында Кыргызстандын мурдагы башчысынын дарегине карата курал-жарак саткан деген айыптоолор айтылган макалалар пайда боло баштады. Болгондо да бул макалаларда Бишкек сириялык конфликтке катышуучуларга атуучу жана химиялык куралдарды саткандыгын далилдеген түрдүү булактарга таянышкан. 

Сирияда согушуп аткан америкалык бомбалоочу топтор акыркы тыюу салынган химиялык куралдар колдонулуп атканына көбүрөөк негиздеп жатышат. Химиялык чабуулдар болуп атканын аскерлер гана эмес, региондо иштеп жатышкан көптөгөн укук коргоо уюмдары да билдиришүүдө. Алардын ичинде «Ак каска» волонтердук кыймылы да бар. Акыркы бир нече жылда БУУнун аскердик кылмыш боюнча комиссиясы региондо 33 химиялык чабуулду аныктады, анын 27си Асада аскерине таандык деп айтылууда.
Бирок, мындай куралдарды Сирияга алып келүүнүн каналы көбүрөөк суроо жаратууда.

Adimlardergisi.com түрк интернет сайтында Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун жана Сириянын чалгындоосунун булактарына таянуу менен жазылган макала пайда болду. Анда контрабандалык куралдар бул мамлекетке Борбордук Азиядан ташылат деп билдирилет. Болгондо да бул куралдардын пайда болуу булагы өтө ар түрдүү: россиялык куралдардан тарта (эски жана заманбап модификациядагы үлгүлөр) заманбап америкалык, болгардык жана индиялык куралдарга чейин. Бирок, анын баары бир кол менен, бир мамлекет – Кыргызстан аркылуу өткөн.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн башкаруу убагында жаман эмес контрабандалык «бизнес-империя» түзүп алганы, эмне сатып алганы боюнча көптөн бери эле бардык ийне-жибине чейин айтылып келет. 2017-жылы кулаган контрабандалык «Боингдин» тарыхы эле эмнени каңкуулайт? Буга атамбаевдик президенттик доордо Кыргызстан аркылуу Россия жана Евросоюзга (бул тууралуу аталган мамлекеттердин атайын кызматы мезгил-мезгили менен ачык эле сводка берип турат) афган наркотикасынын агымы өскөнүн кошумчаласак болот.

Мурдагы президент үчүн пайдалуу жана коопсуз дагы бир багыт болгон – бул курал-жарактарды сатуу.
2016-жылы Бишкекте жаңжал болгон, генштабдын жана чек ара кызматынын бир нече катардагы офицерлери Кыргызстандын куралдуу күчүнүн складдарынан куралдарды уурдоого айыпталып кармалышкан. Бирок, алар бир нече убакыт өткөндөн кийин баары эркиндикке чыгышкан жана жадакалса өздөрүнүн мурдагы кызматтарына кайтып келишкен. Башкы командачынын мындай лоялдуулугунун себеби кийинчерээк, складдарды текшерүүнүн жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин билинген. Көрсө, Бишкек Россиядан сатып алган куралдардын баары практика жүзүндө белгисиз багытка жок болгон. Болгондо да, ал кийинчерээк ИГИЛдин курамында согушуп аткан топтордон чыккан.

2013-жылы Россия Атамбаевдин өкмөтүнө миллиард АКШ долларына заманбап аскердик техникаларды жана куралдарды жеткирген. Кеп атуучу куралдар боюнча гана эмес, танктар, бронетранспортерлор, ракеталык комплекстер, оор жана жеңил чалгындоочу техникалар тууралуу болуп атат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аскердик складдарында алардан болгону азыраак АК-47, бир нече мина издөөчү жана эки бузулган БТР сакталып калган.
Калган куралдар таштанды темир-тезек катары Жакынкы Чыгышка жөнөтүлгөн. Атуучу куралдар менен кошо ал жакка химиялык куралдар да жөнөтүлгөн.

Кыргызстандын территориясында юридикалык жактан химиялык куралдарды даярдоо үчүн жабдуулар жана компоненттер жок. Мамлекеттин Коргоо министрлигинин балансында мындай куралдар да жок. Бирок, сириялык атайын кызматтын маалыматы боюнча дал ушул мамлекеттен химиялык куралдардын агымы келген.

Алар кайдан пайда болгону өткөн жылы белгилүү болгон – Кыргызстандын территориясы аркылуу уурдалган куралдар өткөрүлгөн.
2017-жылдын башында россиялык бажы (Урал округунун башкармалыгы) контрабандалык жол менен өткөрүүгө аракет кылынган аскердик гана максатта колдонулуучу АК-6 химиялык эритмесинен 6,9 тонна металлдык чыбыкчалар жана 400 кг уулуу химиялык заттар («Б» маркасындагы триэтаноламин) кармалганын жана алынып коюлганын билдирген. Бул компоненттер массалык кыйроону түзүүчү курал катары колдонулушу мүмкүн. Жүктү коштогон документтерде ал таштанды темир-тезеги катары көрсөтүлгөн.

Аны алуучу болуп аскердик техникаларды оңдоого жана өндүрүүгөадистештирилген Кыргызстандын коргоо заводу белгиленген. Баарынан кызыгы, бул «кыргыз буюртмачылары» үчүн делген триэтаноламиндин контрабандалык партиясы биринчиси эмес болгонунда. Аналогиялык «темир-тезек», сириялык чалгындоонун маалыматы боюнча заводдун территориясына мурда да кирген. Бирок, чек арада кармалган «темир-тезек» бир дагы расмий кагазда, буюртмада көрсөтүлгөн эмес.
Ошентсе да «Б» маркасындагы триэтаноламин Сириянын территориясында пайда болгон. Эксперттердин маалыматы боюнча, табылган 42 бочка бир бүтүн шаарды талкалапс алууга жетиштүү.

ИГИЛ топторуна контрабандалык куралдарды ташуу боюнча мындай ири масштабдагы операциялар Алмазбек Атамбаевдин жеке сак жетекчилиги менен болгонун сириялык дагы бир документ (№6386/27.15) ырастап турат. Муну түрк ММКлары жарыялаган. Болжол менен ал Түркиянын чек арасына жакын Сириянын территориясында согушуп жаткан ИГИЛдин топторунун бири менен ортомчунун жазышкан катын камтыйт. Документке ылайык, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге 20 млн АКШ доллары которулган, бирок күтүлүп жаткан «өзгөчө товар» «толук эмес көлөмдө» жөнөтүлгөн. Документте айтылат: «Биздин эскертүү бергенибизге карабай, «товар» дагы деле бизде эмес. Сизден тез арада көрсөтмө берүүңүздү күтөбүз».

Ошондой эле түрк ММКларында Алмазбек Атамбаев тууралуу дагы бир жетишээрлик кызыктуу маалымат чыкты, ал Түркиянын президенти Эрдоган менен тышынан жетишээрлик достук мамиледе болгондой түр көрсөткөнү менен анын саясий карлышаштарын активдүү колдоп келгени тууралуу.

Тилекке каршы, Кыргызстан Атамбаевдин президенттиги учурунда мамлекеттен гюленчилер кыймылынын өкүлдөрүн чыгарууга (Анкаранын запросу боюнча) каршылык кылган жападан жалгыз мамлекет болуп калды. Андан дагы, түрк атайын кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек Феткуллах Гүлендин оппозициялык ислам диний үгүттөөчү, анын ичинде аларга курал сатуу боюнча да активдүү кызматташкан.
Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстандын складдарынан жоголгон куралдардын бир бөлүгү 2016-жылы июлда төңкөрүш жасоо аракети учурунда Гүлендин тарапташтарынан конфискацияланган.

Ошондо Кыргызстандын экс-президенти тышынан тынчтыкты сүйгөн саясатчыдай көрүнүп жана тоталдык нейтралитет боюнча билдирип жүрүп, исламдык экстремисттерге көмүскөдө курал сатуу менен жаман эмес акча таап алган болобу.
Анан дагы Атамбаевдин убагында Кыргызстандан жаш жигиттер согушчандарды даярдоо борборуна үйрөнүү үчүн массалык түрдө кетип башташты («Таблиги жамаат» уюму), ал эми мамлекеттин территориясынын өзү ИГИЛдин террористтеринин убактылуу эс алуучу жайына айлана баштаган. Андыктан экс-президентти ислам экстремисттери менен жөн гана бизнес байланыштырган эмес дегенге болот.

Булак: golosbishkeka.com
«Маалымат.KG» сайтындакыргызчалады

Аргумент.kg
Жооп калтыруу