Алмазбек Атамбаев эмнеге жазага тартылбашы керек?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чыныгы жүзү ачылууда. «Кыңыр иш кырк жылда» деген сөздө калет жок тура. Сүйлөсө кудайды оозанып, элди, мамлекекетти мендей эч ким ойлобойт дегенди айткандан жадабаган Алмазбек Атамбаев аныгында элди, өлкөнү уруп ойнобогон, кандай жол менен болбосун акча жасоону, капчыгын кампайтууну гана ойлогон, «кудайдан жөө качкан» адам экени анык болууда. Анан да «менден күчтүү, мендей чечкиндүү президент мындан ары чыкпай калабы деп корком» деп айткандарына жол болсун!

Көрсө, Атамбаевдин Акаев, Бакиевдин мезгилинде оппозицияда жүрүп, бийликке каршы жүрүүсүнүн бир гана максаты – бийликке келип, миллионерден миллиардерге айлануу гана болгондугун эми билип олтурабыз. Ал үчүн ал мыйзамсыздыктын, наадандыктын, акмактыктын жеткен чектерине барууга даяр болгон экен. Анын ошол кездеги жалындуу сөздөрүнө эл ишенип, өлкө башчылыгына шайлады. Президент болгондон кийин да ишенип жүрдүк, үмүт арттык. Бирок тилекке каршы, экс-президент 6 жылдын ичинде элди, өлкөнү түк ойлобоптур, өзүнүн капчыгын, бизнесин гана ойлоптур. Эсиңиздердеби, Алмазбек Атамбаев «кудай колдойт» дегенди көп оозанчу. Ооба, Тилекке жараша, кудай колдоду, бирок Жараткан экс-президенттин тиешелүү жаза алуусун, кыргыз элинин чындыкты билүүсүн колдоду…

Биз мында Дача-СУ айылына кулап, 35 кыргызстандыктын өмүрүн алып кеткен кайгылуу кырсык менен Бишкек ЖЭБиндеги аварияны айтып жатабыз. Эгерде Боинг учагы кырсыктап, Дача-СУ айылына кулабаганда Атамбаевдин контрабанда жолу менен миллиондогон долларлык товарларды Кытайдан ташып жүргөнүн билбей калмакпыз. Дегенибиз, жакында Түркиянын Adimlardergisi.com маалымат булагы өлкөнүн Чалгындоо уюмунун Дача-СУга кулаган учак боюнча докладын жарыялап, анда учактагы контрабандалык жүк Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгонун, учактагы жүктүн баасы 250 млн. долларга бааланганын, кырсыкка чейин 50 ирет ушундай жүк алып келингенин, Атамбаев мындай акчаларын Түркиядагы компаниясы аркылуу адалдап турганын баяндап, Алмазбек Атамбаевди эл аралык мафиянын Кыргызстандагы анабашчысы деп жазды. Өкүнүчтүүсү, бул чындыкка 35 мекендешибиздин өлүмү аркасында жетип олтурабыз. Алардын өлүмдөрү экс-президентин абийиринде! Бул курмандыктарга биринчи кезекте экс-президент күнөөлүү!

Эгерде кыштын суугу болбогондо, Бишкек ЖЭБинде авария орун албайт эле, а кыргыз эли Бишкек ЖЭБин модернизациялоо деген шылтоо менен ири коррупциялык схема ишке ашырылып, 150 млн. доллардай акча уурдалганын, анын башында экс-президент Атамбаев өзү турганын билбей калмак. Бул да болсо Жараткандын каалоосу болгон окшобойбу…

Бул Алмазбек Атамбаевдин билинген шойкумдуу иштери гана. Билинбей калгандары дагы канча дейсиз? Экс-президенттин буга окшогон мыйзамсыз, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген көптөгөн шойкумдуу иштери аны экс-президент макамынан ажыратууга, эң оор беренелер менен кылмыш иштерин козгоого толук негиз берет. Алсак, Түштүк Кореянын мурдагы президенттери Ли Мен Бак менен Пак Кын Хе жакындарынын кызыкчылыктарын коргоп койгондуктары үчүн ондогон жылдарга абакка кесилип кетишти. Атамбаевдин 6 жыл ичиндеги кылмыштуу иштерин корей президенттериники менен салыштырып болбойт. Тоок урдагандар соттолуп, күркө тоногондор камалып жатканда, жүз миллиондогондорду уурдап, коррупцияга «көмүлүп», ири контрабанданы ишке ашырып, адам өлүмдөрүнө себепчи болгон адам эмнеге жазасын албашы керек?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу