Алмазбек Атамбаев эгемендүү Кыргызстандын тарыхын эстегенде Өмүрбек Текебаев эске келээрин, аны эчким өчүрө албай турганын унутуп калды!

Тарых кечирбейт

Адамзаттын тарыхы бир нече бөлүктөргө бөлүнөт.
Ар бир мамлекеттин тарыхы өздөрүнүн басып өткөн жолуна жараша бөлүнөт. Мисалы, Кыргызстандын тарыхы байыркы тарых, орто кылымдын тарыхы, Кыргыз ССРинин тарыхы жана Эгемендүү Кыргызстандын тарыхы.

Ар бир тарыхтын өзгөчө каармандары болот. Мисалы, СССРдин тарыхы Ленин, Сталин, АКШнын соңку тарыхы Кеннеди, Рузвельт сыяктуу каармандары менен бай. Дагы көп мисал келтирсек болот. Германиянын XX-кылымдагы тарыхы 1-2-дүйнөлүк согуш жана Гитлер аттуу ашынган улутчул менен байланыштуу.
Аталган каармандардын ар кимиси эли үчүн өзү билгендей эмгек кылды. Бири жаңылды, дагы бири туура кылды.

Кыргыз ССРинин тарыхындагы каарманыбыз Исхак Раззаков сыяктуу Кыргызстандын эгемендүү жылдарындагы тарыхында дагы каармандарыбыз бар. Кыргыз ССР Жогорку Советинин, легендарлуу парламенттин жана КР ЖКнын 6 чакырылышынын депутаты, I класстагы мамлекеттик кеңешчи, эмгек сиңирген юрист, “Ата Мекен” партиясынын жана “Реформа үчүн” кыймылынын лидери жана Конституциянын атасы деген атка конгон Өмүрбек Текебаевди биз СССРдин Сталининдей, АКШнын Рузвельтиндей каарманыбыз деп айтсак жаңылышпайбыз.

Эгемендүүлүк алышыбызга чоң салым кошкон, эки революцияда мамлекетти кайра мыйзам талаасына алып келген Өмүрбек Текебаевди кыргыз тарыхынан чийип салууга аракет кылган мурунку эки президенттин тагдырын унутпашыбыз керек.

Акаев орой каталарды кетирип, туура эмес жолго түштү. Бакиев Акаевдин жолуна түшкөнү аз келгенсип буйрутма киши өлтүрүүгө өттү. Мыйзамдарды одоно бузуп, адам укуктарын тебелеп, акыл эстүү адам жасабаган жол менен адам өлтүрүп киришти. 2010-жылы элге каршы курал колдонду. Мына Бакиевдин ушул иштерин тарых кечирген жок. Туура, Бакиевдин колдоочулары дагы деле бар. Бирок, тарых далилдер менен жазылат.

Жок дегенде бир жылдын ичинде мамлекеттин карыздарын кутултуп, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошуп коюп тарыхты өз каалаганындай бурмалай берсе, жашоо мыйзамдарын өз каалаганындай өзгөртө берсе кыргыз эли мүмкүн кечирмек же үн катмак эмес.
Азыркы президент Алмазбек Атамбаев эгемендүү Кыргызстандын тарыхын эстегенде Өмүрбек Текебаев эске келээрин, аны эчким өчүрө албай турганын унутуп калды. Эгер өткөн тарыхты өчүрүп, же жашоо мыйзамдарын бузса өз башына же элге залалы тийээрин президент билген жок.

Булак: Чындык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу