АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ТАЛАСТЫКТАРДАН КЕЧИРИМ СУРАБАСА МИТИНГГЕ ЧЫГЫШАТ

Таластан келген аксакалдар президент Алмазбек Атамбаевге нааразычылыгын билдиришти. Алар эмнеге “Манастан” үзүндү укпай коюшканын бүгүн, 26-октябрда маалымат жыйынында түшүндүрүштү.

“Митингге чыккандар Даир Кенекеевдин кагаздан окуп берген “Манасын” уккулары келген жок, алар эпосту манасчылардын оозунан угушарын билдиришкен”,-деди Төрөбек Кеңешбаев.

Ошондой эле аксакалдар президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышып, элди экиге бөлбөөнү суранышты.

Алар 2010-жылдагы төңкөрүш Таластан башталганын эске салышты. “6-апрелде таластыктар Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы турушкан, 7- апрелде биздин уулдарыбыз куралсыз аянтта жүргөн. Таластыктарды Манастын урпагы, Абыке-Көбөштүн урпагы деп бөлүүнүн кереги жок. Талас элин Абыке-Көбөш дегендей сен биздин ДНКбызды изилдеп чыктыңбы”,-деди Асанбек Дүйшөналиев.

Таластыктар кыргыздар кылымдан бери сөз багып, айтылган сөздү атылган окко теңеп келишкенин билдиришти.

“Атамбаевдин айтканына өтө нааразыбыз. Биз дайыма патриот болуп, Кыргызстандын биримдиги үчүн күрөшүп келгенбиз. Таластыктар, оштуктар, нарындыктар, чүйлүктөр баары Манастын урпагы экенин эске салгыбыз келет. ”,-деди Төрөбек ата.

Аксакалдар Ажо таластыктардан кечирим сурашы керектигин айтышты.

“Эгерде Алмазбек Атамбаев кечирим сурабаса митингге чыгабыз. Намысыбызды мыйзамдуу жолдор менен сактаганга аракет кылабыз”,-деди Бабур Жээнбеков.

Таластын аксакалдары: “Сенин саясатыды колдогондор Манастын урпагы, сенин саясатынды колдобогондор Абыке-Көбөштүн урпагы болуп калабы?” Мунун көкүрөгү көр экен” –деген нааразычылыктарын да билдиришти.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу