Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоонун так күнүн айтты

Мындай билдирүүнү өлкө башчысы Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып жасады.

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоо 4,5 айдан кийин, тактап айтканда, 15-октябрда өтөрүн Куралдуу күчтөрдүн 25 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып билдирди. «15-октябрда кыргыз эли жаңы президентти шайлайт. Албетте, мен да акыркы айларда өткөн-кеткенди эстеп, президент катары жасаган иштеримди талдап жаткан кезим. Өткөн 5-6 жылдын ичинде жараткандын жардамы менен элибизди кыйнап жаткан бир топ көйгөйлүү маселелер чечилди. Кыргыз көчү өзүнүн жолун таап, күндөн күнгө түзөлүп кең келечекти көздөй баратат», — деди ал.

Атамбаев өз сөзүндө эң негизги жетишкендик катары өлкөдөгү тынчтык, туруктуулук экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттикке аттана турганын Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Текебаевдер жар салган.

Булак:sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу