Алмазбек Атамбаев партиясын жаңыртып андан соң оппозиция болобу?

Президенттик шайлоо тынч эмес өтүп, өлкө бир ай президентсиз калат, Бабанов президент болот деген да айтымчылар болгон. Алардын арасында президенттик шайлоо тынч өтөрүүн, Сооронбай Жээнбековдун президент болоорун Шамбала газетасына берген маегинде туура так айткан айтымчы,элдик дарыгер Улан-Бек мырзаны кайрадан кепке тарттык.

-Сооронбай Жээнбеков өз алдынча саясат жүргүзө албайт Сапар Исаков экөө тең Атамбаевке иштейт деп жатышат саясий серепчилер, сиз буга кандай дейсиз? 

-Булар Алмазбек Атамбаевге ашып кетсе бир жарым жыл иштеши мүмкүн. Ал убакка чейин азыркы президенттин өзүнүн командасы бекийт. Атамбаевге иштегендей алардын деле жеке амбициясы барда өз алдынча  иш алып барышат. Кимиси эмне кылбасын эл үчүн пайда келтирип турса болду.

-Алмазбек Атамбаев саясатка кайтып келеби?

-Ооба бир жылдан кийин толук саясатка кайтып келет. Өзүнүн партиясын жаңыртып, түптөп, кийинчирээк оппозиция болот.

Булак: «Шамбала»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу