Алмазбек Атамбаев: “Мен Икрамга (Илмиянов) “сенин ордуңда мен болсом шофёрлордун партиясын ачып, президенттик шайлоого катышмакмын” деп айттым”

“Мен Икрамга (Илмияновго) сенин ордуңда мен болсом шофёрлордун партиясын ачып,
президенттик шайлоого катышмакмын деп айттым” – деп билдирди Алмаз Атамбаев
бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген
акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Икрамжанды канчалык казсаңар да эч нерсе таппайсыңар. Эмне, айдоочулардын баары
жаманбы анда? Мен ишенем, андан эч бир илинчек таппайсыңар. Ал да ар кандай
сөздөрдөн тажаганын айтты. Мен ага “сенин ордуңда болсом мен шофёрлордун
партиясын ачып, президенттик шайлоого катышмакмын”
дедим”, – деп жооп берди Алмаз Атамбаев журналисттердин “Икрамжан Илмиянов
Кыргызстандагы 100 байдын катарына кантип кирип калды?” деген суроосуна.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу