Алмазбек Атамбаев КСДПнын катарынан куулганы калдыбы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчы, шоопур, «оң колдордон» куралган командасынын жеп-ичкичтиги ашкере болгондон кийин ага карата КСДП партиясынын мүчөлөрүнүн да ишеними кеткени белгилүү болду. Андыктан бүгүнкү күндө аталган партиянын кезексиз курултайын чакыруу иши жыйынтыкталып калганын жана анда А. Атамбаевди партиядан чыгаруу маселеси карала турганын социалдык түйүндөгү өз баракчасы аркылуу Сагынбек Абдрахманов билдирди.
«Биз Алмазбек Атамбаевдин бүгүнкү күндө биздин КСДП партиясынын тарыхый эмгектеринин артына жашырынып атканына кыжырыбыз кайнап турат. Атамбаев бакиевчил куйруктар Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовду жолдоштор атап, эки жүздүүлүктүн жогорку деңгээлин көрсөтүүдө. Биздин жолдоштор дал ошол коррупцияга жана акыйкатсыз бийликке каршы күрөшүп жатып 7-апрелде курман болушкан. Бирок, ошол кандын баасы менен бийликке келип алган Атамбаев баардык күчүн жеке өзүнүн байуусу үчүн багыттады, бийликти ЦАРИИнин кызматкерлеринен сырткары өзүнүн шоопуруна жана жансакчыларына бөлүштүрүп берди», — деп айтылат ал билдирүүдө.
Андан ары «Биз бүгүнкү күндө КСДП партиясынын кезексиз курултайын чакырууга даярдык иштерди аяктап жатканыбызды билдиребиз. Алмазбек Атамбаев чексиз бийликти мамлекетте гана эмес, КСДПда да өзүнө алып алды. Партия ичиндеги демократиянын калдыктары жок кылынды, бирок биз ал мындан ары дагы партияны пайдаланышына, эми өзүн жана өзүнүн уурдаган «жолдошторун» акыйкат жазадан коргоо үчүн пайдаланышына жол бербейбиз. Биз Алмазбек Атамбаев партиянын төрагалыгынан гана эмес, КСДПнын катарынан чыгарылмайынча жөн калбайбыз», — дейт Сагынбек Абдрахманов.
Эске сала кетсек, Сагынбек Абдрахманов өткөн 2017-жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо КСДП партиясынан альтернативалык талапкер болуп көрсөтүлгөн. Демек, партия ичинде жетишээрлик кадыр-баркы бар. Андыктан жакынкы убакыттарда КСДПнын курултайы өтсө, анда А. Атамбаев партия төрагалыгынан гана эмес, анын мүчөлүгүнөн да кол жууй турган өңдөнүп калды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу