Алмазбек Атамбаев: “Кимдир бирөөгө менин саясатым жакпай калса башка жактан орун издей бергиле…”

Бүгүн, 27-октябрда, КР президенти Алмазбек Атамбаев чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алгандан кийин, кайрадан сөз тизгинин кармаган жок.

-Менин тилегим таза шайлоо өткөрүү болчу, орундалды. Кыргызстан четтеги бир байкеге эмес, өз президентине ишенет. Эгер кимдир бирөөгө менин саясатым жакпай калса, башка жактан орун издей бергиле. Бир тууган Казакстандан жарандык алуу өтө жеңил. Силерди кабыл ала турган болсо, кош колдоп кое беребиз. Анткени аларда жер көп…, — деген пикирин айтты Алмазбек Атамбаев.

Ыйлайлыбы же күлөлүбү?…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу