Алмазбек Атамбаев камалабы?

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Алмазбек Атамбаев үй-бүлөөсү менен толук камалышы керек! Бул элдин талабы.
Эмне үчүн?

1- Чынгыз Айтматовко (жазуучуларга) бөлүнгөн 50 миллион рубльди жеп кеткени үчүн;
2- 5 заводду талкалап, Кытайга, Түркияга тетиктерин темир кылып сатып жибергени үчүн;
3- Талды-Булак алтын кенин Кытайларга бекер берип жибергени үчүн.
4- Жер үй алтын кенин чеченге ит бекерге сатканы үчүн;
5-“Кырг ызгазды” орустрга 1 долларга сатканы үчүн; (Бул кыргыз элин шылдыңдагандык)
6- “Датка-Кемин” электр линиясына 400 миллион доллар кетти деп, жалган документ жасап, жарымын жеп кеткени үчүн (дүйнөлүк коомчулукта 1 км зым тартууга 1 миллион доллар жумшаган практика өмүрү болгон эмес экен)
7- Мөңгүлөрдү талкалап, астындагы алтынды ала бергиле деп, мыйзамга кол коюп берип, 100 миллион доллар куругун алып кеткени үчүн;
8- “Дача-СУУдагы” 38 жараныбыздын өлүмү үчүн; (Самолёттогу жүк Атамбаевдин үй-бүлөөсүнө тиешелүү болгон)
9- “Автомаш” аркылуу элдин канын соруп олтурганы үчүн; (Сейит аттуу баласы электр энергияны Токтогул ГЭСинен 35 тыйындан алып, элге 70 тыйындан сатып атканы чындык)
10- Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салып атам деп, кытайлардан 1 миллиардка жакын доллар алып, жарымын жеп кеткени үчүн;
11- ТЕЦке 386 миллион доллар жумшалды деп жарымын жеп кеткени үчүн; (1 аттишти (плоскогубцыны) 600 долларга сатып алышкан ж.б.у.с. афёралары. 386 миллионду 486 кылып үстөк пайызы менен шордуу эл төлөйбүз. Кылмыштарын санай берсек сан жеткис. Акаев менен Бакиев 25 жылда жеген элдин байлыгын Атамбаев 5 жылда жеп кетти. Ал тургай Акаев менен Бакиев экөө биригип 25 жылда 2 миллиард долларга жеткирген сырткы карызыбызды Атамбаев 5 жылда 5 миллиард долларга жеткизип, жарымын жеп кетти. Карыздын 2 миллиард доллары Кытайдыкы. Төлөө мезгили келгенде (2020 — 24-жылы) төлөй албай калсак кытай Нарынды сурайт. Тажикстан карызынын ордуна былтыр Тоолуу-Бадахшан облусун берип кутулду. Бүгүн, Кытай ээлик кылып калды.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, шибегени капка ката албайсыз. Эртеби-кечпи акыры бир күнү ушул кылмыштарынын бети ачылат. Эл тарапты тандаңыз. Атамбаевди камаңыз. Таарыхта ак тамга менен каласыз.

Маалымат Фейсбук баракчадан алынды:

https://www.facebook.com/profile.php?id=100024600704776&hc_ref=ARRcLL85ERhzgiamnKh_4_NKWIvFvz5dKBzxVP80HJO3PcS3a-rthpzgJ27t0Q9MPHY&fref=nf

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу