Алмазбек Атамбаев жубайы экөө 2006-жылы Түркияда дагы бир компаниядагы үлүшүн сатканы белгилүү болду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен 2006-жылы дагы бир түркиялык компаниядагы үлүшүн сатканын Kloop интернет басылмасы жазып чыкты. Андагы маалыматка таянсак, Атамбаев Foreks Makina компаниясындагы акцияларын 2006-жылдын декабрында саткан.

Бул ишканада президент менен жубайында ар биринин наркы 25 түрк лирасы турган 2800дөн акция болгон. Аны саткандан кийин Атамбаев 140 миӊ лира же ошол учурдагы курс боюнча 98 миӊ доллардай киреше тапкан. Foreks Makina компаниясына 2012-жылга чейин Левент жана Ахмет Коркмазов аттуу Түркия жарандары ээлик кылып, кийин Elektromed Elektronik компаниясынын кожоюну Ахмет Кайяга сатышкан. 2015-жылдын октябрында Кайя Foreks Makina жана Elektromed Elektronik ишканаларын бириктиргени айтылат маалыматта. Убагында президент Алмазбек Атамбаевдин Elektromed Elektronik компаниясында үлүшү болгонун, аны 2003-жылы 35 миллион долларга сатканын жакында президенттик аппарат маалымдаган эле.

Атамбаев Foreks Makina компаниясындагы акцияларга качан ээ болгону белгисиз экенин жазат басылма.

«Фергана» басылмасы Кайяны президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалашы деп атап, убагында Атамбаев Кайянын уулунун үйлөнүү тоюна конок катары барганы тууралуу видео жарыяланган.

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев азыркы учурда Түркияда бизнеси жок экенин айтып келет. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын февралында президенттин Кипрде бизнес кызыкчылыгы бар экенин айтып чыгып, кийин Атамбаев бул маселенин парламентте көтөрүлүшүн сындап «Кипрде Атамбаевдин акчасы болсо депутаттар бөлүп алгыла» дегени белгилүү.

Супер.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу