Эки жума мурун Атамбаевдин КСДП фракциясы менен жолугушуу учурунда депутат Элвира Сурабалдиева өпкө-өпкөсүнө батпай, шолоктоп ыйлаганы боюнча маалымат тараган.
Эмне үчүн ыйлады экен деп элдер бири-бирине суроо берип атышкан кызыгып. Жакында Элвира өзүнүн Фейсбук баракчасына кээ бир маалыматтарды тегүндөмүш болуп, тастыктап берди.
Көрсө, чын эле, Атамбаев ага «жакында Бакиевдердин заманы кайра кайтып келет, сенин атаңды өлтүргөндөрүн унутуп калдыңбы?» дегенине ыйлап «вы нам угрожаете?» дептир.
Ананчы! Так ошол Атамбаевдин муруңку жансакчысы Эркин Мамбеталиев ошол кездеги депутат Жыргалбек Сурабалдиевди атып салды деген айып менен камалганын кантип унутабыз? Аны биз унутсак дагы, Элвира унутпаса керек. Мамбеталиевди түрмөден бошоткон Атамбаевдин сөзүн анан кантип түшүнсөк болот? Депутат Сурабалдиева туура эле түшүндү, Атамбаев чын эле коркутуп атат.
Булак: Жаңы ОРДО