Алмазбек Атамбаев Арашанда Айт намазга катышып, «Ата-Бейитке» барды (фото, видео)

Мурунку президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Айт намазын Аламүдүндөгү Арашан айылында окуду. Партиядан маалымдашкандай, ал айылдаштары менен да жолугушуп, андан кийин «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды.

Мемориалдык комплексте 2010-жылдагы Апрель революциясында курман болгон кыргызстандыктардын арбагына багышталып куран окулду.

БУЛАК:turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу