Алмазбек Атамбаев Апрель окуясынан кийин кантип мультимиллионерге айланган?

Алмазбек Атамбаев Апрель окуясынан кийин кантип мультимиллионерге айланган? Бул тууралуу маалыматты «Трибуна» тайпасы жазып чыкты.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү тууралуу айта келгенде эле «Мен тээ 1990-жылдары эле доллар менен мультимиллионер болчумун. Акаев «Вольво» менен жүргөндө, мен «Мерседес» менен жүрчүмүн» деп мактанып калаарын коомчулук жакшы билет. Бирок, ошол өзү айтып аткан миллиондорун кайдан тапканын так далилдей албай, ар кайсыл тоонун башын бир айтып жүргөнү да белгилүү.

Ал мамлекет башында турган кезинде «Түркиядагы бизнесимди 34 миллион долларга (45 миллиард лир) саткам» деп бир апыртып алып уят болгону эсибизде. Анын калпын Эдил Байсалов дароо эле чыгарган. Себеби Атамбаев айткан 45 миллиард лир ошол убактагы курс менен эсептей келгенде бар болгону 24 миң гана доллар болот экен. Ошондон кийин АШАнын маалымат кызматы «адашып эсептеп алыптырбыз» деп актанып чыгышкан болчу.

Алмазбек Атамбаевдин өзү айткандай 1990-жылдары эле мультимиллионер болбогонун анын жанында чогуу жүргөндөр абдан жакшы билишет. Мисалы, Атамбаев 2000-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгондо, анын штабын жетектеген Исхак Масалиев маалымат булактарынын бирине мындай деген: «Саналуу гана акчасы болгон. Мен штабдын башчысы катары эсимде бар, бир топ кыйын болгон. Ошондо ал тааныштарынан, досторунан акча сурап жүргөн болчу».

Эгерде ошондо ал мультимиллионер болгондо шайлоодо ар кимден акча сурап жүрөт беле? Демек, акчасы саналуу гана болгон.

Анан дагы 2010-жылдын 6-апрелинде Атамбаевди УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кеткенде тартылып алынган видеону карасаңыздар, анда анын үйү жупуну эле “жер кепе» болгону билинет. Эмеректери деле Россияга көчүп кеткен орустардан калган, эч кандай кымбат-баалуу болгон эмес. Эгерде ошондо эле мультимиллионер болсо, анда ошол мезгилде эле Кой-Таштагыдай хансарайды 2,7 гектар жерге салып албайт беле?

Биз Атамбаевдин жана анын аялы Раиса Атамбаеванын 2010-жылдан кийинки жылдарда толтурган декларациясына бир анализ жүргүзүп көрүүнү чечтик. Ага ылайык 2010-жылы Атамбаевдин өзүнүн кирешелери жана активдери 19 409 902,49 сом жана 5 100 000 АКШ доллары болгон экен. Мунун ичинде анын иштеген жеринен алган айлык акысы (бир жылдык – 279 902,49 сом), Арашан айылынын Полевая көчөсү №30 дарегиндеги үйү — 100 000 доллар, 6,4 гектер жер тилкеси бак-дарактары менен – 3 000 000 доллар, «Форум» ЖЧКсындагы үлүшү — 2 000 000 доллар, «Тойота» үлгүсүндөгү 2000-жылкы (80 000 сом) жана 2007-жылкы (250 000 сом) автоунаалары жана 18 800 000 сом накталай акчасы декларациясында көрсөтүлгөн.

Ал эми аялы Раиса айымдын кирешелери жана активдери жалпысынан 4 500 000 АКШ доллары деп көрсөтүлгөн. Анын ичинде Бишкек шаарынын Ново-Октябрьский 57 дарегиндеги үйү — 500 000 доллар, «Медиафорум» ААКсындагы акциясы – 3 000 000 АКШ доллары, накталай акчасы – 1 000 000 доллар көрсөтүлгөн.

Негизинен ушул эле көрсөткүч 2017-жылга (ушул жылды кошуп эсептегенде) чейинки толтурган декларацияларында өтө деле көбөйүп кеткен эмес. А. Атамбаевдин өзүнүн декларациясында баасы 33 000 000 сомдук Кой-Таштагы жер тилкеси кошулган. Анан дагы К. Абдуллаевден 45 000 000 сом (2017-жылы), С. Пархатиден (54 000 000 сом) алганын (2017-жылы) көрсөткөн. Бул акчаларды аталган адамдар эмне себептен бергенин түшүнүү кыйын. Ал кезде Атамбаев мамлекет башында турган адам болгон, демек ал кимден кандай суммада акча албасын, ал пара болуп саналат болчу.

Ток этер жерин айтканда, А. Атамбаев жана анын аялы Раиса айымдын байлыктарын кошуп эсептегенде 2016-жылдын 31-декабрына карата 6 073 428,47 АКШ доллары болгон. Бул декларациясы боюнча. Бирок, ошол декларациясында Кой-Таштагы салынган хансарайы көрсөтүлгөн эмес. Анын баасы эле бери жагы 10 млн долларды чапчыйт.
Демек, Атамбаев өзүнүн байлыктарын декларациясында толугу менен көрсөткөн эмес деген тыянак чыгарсак болот. Эми анын «Мен бизнесмен болчумун, мультимиллионер болчумун» дегенин эмне менен ырастай ала турганына токтололу. Миллиондорду жүгүрткөн бизнесмен мамлекетке дагы ошого жараша ири суммада салык төлөмдөрүн төлөй турганы белгилүү. Бирок, тилекке каршы, анын ишканаларынан, компанияларынан мамлекетке байкалаарлык суммада деле салык төлөнгөн эмес. Мисалы, 2010-жылы анын компаниялары мамлекетке салык түрүндө бар болгону 10 487,2 сом төлөгөн. Мына ушундай эле салык төлөгөн адамды кантип мультимиллионер, ири ишкер болгон деп айта алабыз?

Андыктан коомдук ишмер Эдил Байсаловдун төмөндөгү айтканы абдан туура аныктама болуп турат: «Элди алдабай эле койсун. Алмазбек Атамбаевде анча акча эч качан болгон эмес. 2002-жылы дагы, 2010-жылы дагы андай акчасы болгон эмес. Азыркы акчасынын бардыгы коррупция жолу менен, президенттик ыйгарым укуктарын туура эмес, ыпылас жолдор менен пайдаланып ошончо байлык топтоду. Ал өзүнүн байлыгы тууралуу жөн эле ксерокс кагаздарды берип койгону жетишсиз».

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу