Алмазбек Атамбаевдин эмгек өргүүсү ар кандай пикир жаратты

Президент Алмазбек Атамбаевдин мөөнөтү бүтөрүнө бир ай калганда кыска эмгек өргүүсүнө чыгуусу өлкөдөгү саясий абалдын кескин начарлап кетишинен улам дейт саясий серепчи Табылды Акеров.

“Өлкөдөгү саясий абалдын начарлап кетишине президент себепкер экенин коомчулук билип турат, ошондуктан президент өргүүгө чыгып абалдан чыгуунун жолдору боюнча консультацияларды жүргүзүшү мүмкүн. Азыркы чыңалган саясий абалда коомчулук президенттин күтүүсүз билдирүүлөрүнөн тажап кетти, ошондуктан президент акыркы айы калганда кыска тыныгуу алды деп ойлойм”-деп билдирди саясий серепчи Табылды Акеров.

Ал эми дагы бир саясий серепчи Марс Сариев президенттин кыска эмгек өргүүсүнө чыгуусун түшүнбөй турганын айтат.

“Президенттин мөөнөтү бүтөрүнө бир ай калды. Расмий маалыматта 2040-жылга чейинки стартегияны жасат деп турбайбы, бирок бул ынанымдуу эмес. Президент ден-соолугуна байланыштуу кетти же өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, Таластагы митингдер түрткү болду”-Марс Сариев.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 30-октябрда кыска эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымат кызматы кабарлады. Расмий маалыматта президент өргүү учурунда өлкөнүн 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын жазары айтылган.

Булак: «Чындык»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу