Алмазбек Атамбаевдин эгемендүүлүк майрамына келер-келбеси анык болду

Ак үйдүн маалымат кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-август күнү «Ала-Тоо» аянтында өтчү салтанатка чакырылганын айткан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-август күнү эгемендүүлүк майрамына арналып, «Ала-Тоо» аянтында өтчү салтанатка катыша албайт. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

«Алмазбек Шаршенович жакында эле радикулит илдетине кабылды. Андыктан, дарыгерлер ага көпкө чейин отуруп же туруп тура турган иш-чараларга катышпай турууну сунуштаган. Экс-президент майрамды үй-бүлөсү менен тосот», — деди Жолдубаева.

Буга чейин өлкө башчынын маалымат кызматынан ал күнү өлкө лидери Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтчү салтанатка экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев чакырылганын айтышкан.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу