Алмазбек Атамбаевдин убагында “эшектердин” атагы чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тагдыры учурда көпчүлүктү кызыктырып турган кез. “Форум” тарап, парламенттик шайлоого каттуу даярдык көрүп жатабыз деген таризди көрсөткөнү менен эл арасында ар кандай кептер айтылып, бийликке жетпей калгандар тактап айтканда Атамбаевден куугунтук жегендер кайрадан Атамбаевдин эшигин сагалап жүргөнүн угулуп жатат.

Албетте Кыргызстан Кытай эмес. “Форум” тараптагы күбүрт-шыбырттар тынымсыз эле жетип турат. Эч кимиси сыр бербегени менен саясый ички тирешүү күч.

Ачуу чындыкты айтыш керек, Алмазбек Атамбаев айрым ички душмандарынын тилине кирип эл арасында болуп жаткан сөздөргө чындык жаратпай эле койсо болот. Анткени ар бир адамга ждоор бир келет эмеспи. Анткени өзү президент болуп турганда мыйзамга дал келбеген жумуштар көп эле катталган.

Алсак, “Автомаш-Энергонун” кирешеси Атамбаевдин президенттиги мезгилинде кескин өскөн. Фирманын кирешесин аныктоо үчүн мамлекеттик порталдагы анын төккөн төлөмдөрүнүн көлөмүнө көз жүгүртүү жетиштүү. 2011-жылы “Автомаш-Энергонун” мамлекеттик казынага төккөн төлөмү 1 млн 490 миң сом болсо, 2017-жылы бул көрсөткүч 3 млн 347 миң сомго жеткен. Ортодогу жылдардан төмөнкүдөй суммаларды көрөбүз: 2012-жылы – 1 млн 676 миң, 2013-жылы – 2 млн 53 миң, 2014-жылы – 1 млн 742 миң, 2015-жылы – 2 млн 120 миң, 2016-жылы – 2 млн 485 миң сом.

Бул көрсөткүчтөр Алмазбек Атамбаевдин уулунун фирмасы ал президенттик бийликке отургандан кийин гүлдөп-өнүккөнүнөн кабар берет.

Ошондуктан, “президенттин уулунун кирешесинин артышында атасынын таасири болгонбу жана ишкер уул аны колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барганбы?” деген мыйзам ченемдүү суроону алдыга чыгарат.

“Автомаш-Энерго” ЖЧКсы Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык бизнес – расмий түзүүчүсү уулу Сеидбек Атамбаев жана “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсы. Фирма электр энергиясын алып-сатуу менен алектенип, өндүрүүчү менен колдонуучунун ортосунда ортомчулук ишти жүргүзүп келет. Мурда ортозаар иштеп келген фирма 2010-жылдан кийин энергорынокто ири позицияны ээлеген.

Адистер анын мындай позицияга көтөрүлүшүн электр энергиясын эң көп сатканы жана рыноктун басымдуу бөлүгүн ээлеши менен байланыштырышат. Тармактык эксперттер Атамбаевдин бийлиги кезинде “ширшов схемасынын” улантылып, андагы жемкордук иштерде кичүү атамбаевдердин орду чоң болгонун айтып келишет. Курманбек Бакиевди электр энергияга бааны көтөргөнү үчүн катуу сындаган Атамбаев өзү бийликке келген соң тарифти андан ашыра жогорулатканынын сыры ушул фирма менен анын өз үйүнө барчу жолуна байланган болушу толук ыктымал.

Чындыгын алып караганда Кыргызстанда Курманбек Бакиев президент болуп турганда экономикалык өсүш болгон. Аскар Акаевдин убагында приватташтыруу деген сөз элдин кулагына сиңсе, Алмазбек Атамбаевдин убагына эшек сатылып, “эшектердин” атагы чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу