Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстанга жасаган 6 кыянатчылыгы

 

Бийликте турганда адам кандай сүйлөсө да жараша бере турганын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жоруктары тастыктады. Жарым-жартылай соо, жарым-жартылай «жиндирээк» адамдай сүйлөп коюп, «бузукулар», «сасыткылар», «талтайгандар», «балашка» деген сыяктуу жаңы терминдерди мамлекет башчысынын «жаргондоруна» киргизип кетти.
Албетте, акыйкаттык үчүн айта кетели, А. Атамбаевдин убагында жакшы иштер да жасалды. Мисалы, энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук, бул жаатта бир катар долбоорлор жүзөгө ашты, түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу башталды.
Бирок, ошол жакшы иштерди анын Кыргызстанга жасаган 6 кыянатчылыгы жууп кетти. Кандай кыянатчылыктар дейсизби? Анда санап берели.
Биринчиси, жогорку мамлекеттик кызматтарга билимсиздерди (жансакчы, шоопур) деле алып келип дайындап салганы болду. Бул аракети менен ал билимдүү, тажрыйбалуу кадрларга караганда, өзүнүн алдында үч бүктөлүп тура турган техникалык кызматкерлерине гана терең ишеним артаарын көргөздү. Үй-бүлөлүк режимди кулаттым дегени менен ал шоопур, жансакчы, кампачы, катчы кыз, күйөө бала, кудалардан турган кланды орноткону билинди. Карала-торала болуп, анын машинесин эле оңдоп, айдап жүргөн шоопурду КР президентинин аппарат жетекчисинин 1-орун басарлыгына чейин көтөрүп дайындаганы, жансакчысын УКМКнын жетекчисинин орун басарлык кызматына алып келгени – А. Атамбаевдин профессионал кадрларга «түкүрдүм» деген кадамы болду. Муну эл аралык коомчулук деле байкап туруп, «Кыргызстанда билимсиздер деле эл башкара бере тура» деген ойго келди. Себеби, жогоруда аттары аталгандардын экөөсүнүн тең жогорку билимдүү деген дипломунда мандем бар экени белгилүү.
Экинчиси, ал бийликке келгенден тарта мөөнөтүнүн аягына чейин Кыргызстандын тышкы карызын эки эсе көбөйттү. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодон кийин, анын ачылышында сөз сүйлөп жатып: «Айрымдар кредит албаш керек дешет, алар Кыргызстандын душмандары. Кредит алгандан коркпош керек» деп сүйлөгөнү эсибизде. Бирок, ошол ТЭЦти модернизациялоого сарпталган 386 млн доллар кредит максаттуу пайдаланылбаганы, анын жарымынан көбү А. Атамбаевдин «оң кол», «сол колдору» аркылуу бөлүштүрүлүп кеткени маалым болду. Мындан тышкары Тарых музейин реконструкциялоодо да коррупция жойлоп кеткени билинди. Айтор, анын убагында чет мамлекеттерден кредитке келген миллиондорго курулуп баштаган долбоорлордун баары шектүү болуп калды. Ошондо биз өлкөбүздүн тышкы карызын эки эсе арттырып, ал эми А. Атамбаевди жана анын кланын ашынган байларга айлантып салган болобуз.
Үчүнчүсү, коррупцияга каршы күрөшүп аткандай болгону менен ал өзү ашынган коррупционерлерди тарбиялап жүргөнү билинди. Мисалы, С. Исаков, А. Ибраимов, К. Кулматов, А. Калиев, Ж. Сатыбалдиев жана башкалар.
Төртүнчүсү, Кыргызстанга контрабандалык товарларды киргизүүнүн башында өзү турган экен. Аны Дача Суга кулаган учактагы жүк тастыктады. Мындай контрабандалык жүгү бар учак ага чейин 52 жолу рейс жасаганы да билинди. Демек, канчалаган миллиондор бюджеттен айланып өткөнүн санай берсек болот. Ал кырсык 39 мекендешибиздин өмүрүн алып кетсе да, А. Атамбаев бир басып бара алган жок. Эмнеге басып бара албаганын баамдап жатсаңыздар керек.
Бешинчиси, ал өз мөөнөтү аяктап бараткан чакта коңшулаш Казакстан менен мамилени чыңалтып кеткенин билебиз. Ал дипломатиялык мамиленин чегинен чыгып, сүйлөгөн сөздөрү карапайым кыргызстандыктар үчүн миллиондогон чыгым болуп берди.
Алтынчысы, ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын 2040-жылга чейин белгилеп кеткенинде болду. Эмнеге ал миллиондорду коркпой эле «жей берген» деген суроо азыркы тапта жаралууда. Көрсө, ал өзүнөн кийин келген бийлик «менин былыктарымды жаап-жашырып турат, алты жыл өткөндөн кийин дагы өзүмдүн кадрымды бийликке алып келем, анан аны да өзүм сырттан башкарып турам, ошентип 2040-жылга чейин бийликти колдон чыгарбайм» деген ойдо болгон окшойт. Анын узу-ун таштаган укуругун Бишкек ТЭЦиндеги авария бат эле кыркып таштады.
Бул биз санап кеткендер А. Атамбаевдин Кыргызстанга жасаган кыянатчылыгынын олуттуулары гана. Майда-чүйдөлөрүн кошуп эсептегенде кагаз бети түтпөй калат. Андыктан ушул жагы менен оюбузду жыйынтыктап туралы.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу