Алмазбек Атамбаевдин Кант авиабазасына кирип бара жаткандагы акыркы сөзү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Канттагы авиабазага Кундуз Жолдубаев жана Асел Кодуранова жана жансакчылары менен кирип кетти.

Атамбаев, “жакшы калгыла, тиги жакка кол булгаласам көрүнбөйт” экен деп акыркы сөзүн сүйлөдү.

Мындан бир нече мүнөттөрдөн мурун Атамбаев «Эртең, 25-июлда саат 19:00дө кайра кайтып келемин», — деди.

Эске сала кетсек, ушул жылы 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Атамбаевге кылмыш иши козголуп, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу боюнча үч жолу Атамбаевди суракка чакырылганы менен барбай койгон.

Кечээ, 22-июлда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы Хан сарайына ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү Атамбаевге жолуга албай кайра кайткан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу