Алмазбек Атамбаевдин долулугу качан токтойт?

1997-жылы Россияга президент болуу Владимир Путиндин оюна түгүл, түшүнө да кирбесе керек. Бирок, ал 1998-жылдын экинчи жарымысында Борис Ельциндин сунушу менен премьер-министр болду, 1999- жылдын 31-декабрында анын колунан, сөздүн толук маанисинде, президенттик кабинеттин ачкычын алды. Ошондон 2007-жылы жарыкчылыктан өткүчө Ельцин анын бир да ишине кийлигишпеди, бир да чечимин комментариялабады, мен сени Ленинградда мэрдин 16-орун басары болуп жүргөн жериңден алып келдим эле деп эл алдында колко кылбады. Атүгүл В.Путин анын үй-бүлө мүчөлөрүнө айланып кеткен Б.Березовский, М.Ходорковский, В.Лисовский сыяктуу олигархтарды чаң тозоңдорун чыгара туш тарапка кууп, колуна илингендерин темир тордун ар жагына отургузганда да кийлигишпеди. Б.Ельциндин ички, тышкы саясаттары, жүрүм-турумдары жөнүндө көп сөздөрдү айтса болот, бирок мураскоруна кылган мамилесин, этикасын чыныгы джентельмендик, жарандык эрдик катарында бааласа болот. Ал үчүн мамлекеттик башкаруу ишинде чоң тажрыйба, кеңири саясый, стратегиялык ой жүгүртүү, анан акыл болуш керек экен.

Тилекке каршы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы убактарда жалпы эл тарабынан шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кадрдык чечимдерине кээде ачыктан ачык, көпчүлүк учурда конфиденциалдуу түрдө кийлигишип, анын бир тууганы Жогорку Кеңештин  депутаты Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек деп док урунуп, коррупцияга каршы күрөшкө ачыктан ачык каршылык кылып жаткандыгы анда жогоруда айтылгандай сапаттардын жок экендигин гана айгинелөөдө. А.Атамбаевдин шайлоодо азыркы президентке чоң колдоо көрсөткөндүгү чындык, аны эч ким танбайт, бирок “мен жардам кылдым эле, ошондуктан баарын мен чечишим керек, а сен кулагын кескен кул, тирсегин үзгөн күң болуп, кагаздарга кол койгуч болуп эле отура беришиң керек” дегенге өтүп алуусу эч кандай саясый, этикалык нормаларга, эң негизгиси реалдуу жагдайга да ылайык келбейт.

Президенттик мөөнөтүндөгү алты жылдын ичинде Кыргызстанда саясый, экономикалык, социалдык багыттарда эмне болбосун, жакшысы болобу, жаманыбы – алардын баарына керт башы менен өлкөдөгү бир гана адам – Сооронбай Жээнбеков гана жооп берет. Бул мезгилдин ичинде А.Атамбаевдин тушундагыдай эле өкмөт 5 жолу алмашып кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан азыркы президентте ички, тышкы саясаттарда, өзгөчө кадрдык маселелерде  толук өз алдынчалык болушу зарыл.

Бир убакта өз демилгеси менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунуштаган адамына азыр “депутаттык мандатыңды тапшырышың керек” деп опурулуп жатуусу — ичи күйгөн туз жалагандай эле кызганычтын эң жаман түрү болууда. Бир депутат өз алдынча эч нерсени чечпейт, ал коллегиалдуу органдын гана бир мүчөсү, бийликтин башында эмес. Чындап келгенде,  Асылбек Жээнбеков ЖКнын депутаты болуп турганга караганда, аны таштап, эркин саясатчы болуп кетип калса, атаандаштары үчүн өзгөчө опурталдуу фигурага айланып кетет. Анткени, ага анда өзүнчө партия түзгөнгө же башка партиялар менен кызматташып, блокко айландырганга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат. Ошондуктан, атаандаштары Асылбек Жээнбековдун парламенттин сыртында эмес, ичинде болгону пайдалуу экендигин түшүнүүлөрү зарыл.

Коррупцияга каршы элдешкис күрөш күч алып, “балашкалар менен милашкалардын” ээрлеринен биринин артынан экинчиси ыргый башташы экс-президентти тынчсыздандырмак түгүл, чындап тополоңго салганы ачык эле байкалууда. Биринчиден, ашкереленип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдүн масштабдары чындап элдин үрөйүн учурса, экинчиден, алардын бир учтары түптүз эле экс-президентти көздөй кетип бараткансыйт. Ошондуктан ал күндөн күнгө өзүнө жакындап келаткан коркунучту алыстатууга, кандай жол менен болбосун ири өлчөмдөгү коррупциялык кылмыштарды аягына чыгарбоого ашыгууда.  Азыр экс-президент Кой-Таштагы 2,7 гектарды ээлеген бир нече миллион долларлык хан сарайды, мамлекеттик резиденциядагы 80 миллион сомдук коттеджди кайдан тапкан акчаларына куруп жатат? — деген суроо коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган чак. Буга кошумча экс-президенттин Бишкек ТЭЦин модернизациялоодон миллиондогон долларлардын уурдалуусуна да түздөн түз тиешеси бардыгы ачыкка чыкчудай болууда. Анын үстүнө мамлекеттин менчигиндеги мамлекеттик резиденцияга өз акчасынын эсебинен коттедж курдурганга А.Атамбаевдин кандай укугу бар эле? Ал ачыктан ачык экс-президенттин макамын кыянаттык менен пайдалануу болуп жатпайбы!

Ал аз келгенсип А.Атамбаев мамлекеттик резиденцияда КСДП партиясынын өкүлдөрү менен атайын жыйын да өткөрдү. Анысын эл: “мен эч кандай мыйзамдар менен эсептешпеймин, Кыргызстанда баары мен каалагандай гана болушу керек” деген менменсинген эрегишүү катарында гана кабылдоодо. Андай мыйзамга, жөн эле этикага ылайык келбеген деструктивдүү аракеттерден ким пайда табат?  Экс-президент өзүбү? Жок. Андай аракеттер анын мурда эле өйдө-төмөн сүйлөй берип тарпын чыгарып алган инсандык, саясый репутацияларын биротоло көмгөнгө, КСДПнын келечегине балта чапканга гана кызмат кылууда. Ал саясатка кайрылып келсе, Кыргызстанга зыяндан башка кенедей да пайда алып келбейт. Ал биртке саясый ресурсун алда качан эле сарптап бүткөн. Кыргызстандыктар түгүл,шериктеш өлкөлөрдүн лидерлеринин бири да аны көргүсү да, билгиси да келбейт, анткени, андан араң кутулушкан. Бирок, экс-президенттин мына ушундай обьективдүү кырдаалды аңдап түшүнбөй, галлюцинациялар менен чектешкен иллюзияларга жетеленип жүргөндүгү гана өкүндүрөт.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу