АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВГЕ УРУЛГАН АЛГАЧКЫ СОККУ… АБДИЛЬ СЕГИЗБАЕВ КЕТСЕ ЭМНЕ ӨЗГӨРӨТ?

Кызматка отурганына үч айга аяк баскан Сооронбай Жээнбеков алгач Коопсуздук Кеӊешинен иш баштап, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, жакшы аракет кыла баштаган. Өлкөдөгү саясый туруксуз абалды, оппозицияга болгон куугунтукту, улуттук коопсуздук маселесинин орто жолдо калганын жакшы билгендиктен ишин алгач ушул тармактан баштаганы дурус болгон.

Бирок, аз өтпөй чукул бурулуп, аймактарды аралап, быйылкы жылды «Элет жылы» деп жарыялап, кийинчерээк тышкы сапарларга чыгып, башка иштер менен алектенип кетти. Бул жагы түшүнүктүү. Аркасын тазалоону көздөгөн Алмазбек Атамбаев ага эрк берген жери жок. Анткени, Өмүрбек Текебаев баштаган анын атаандаштары камакта отурганда ал абалды колдон чыгарып жибермек эмес. Ал эми Сооронбай Жээнбеков  камакта отурган саясатчылардын тагдырын бир жаӊсыл кылбаса, эрксиз, жер карама президент катары тарыхта калаарын жакшы билет. Бир жагынан алды ачкачылык кармай баштаган саясатчылардын мыйзамсыз кылмыш иштери менен жакшы тааныш. КСДПдан аркасы таза кадр катары каралып келгенден кийин ал мындай жакшы сыпаттоону четке какпай, калкка ыӊгайлуу чечим чыгармак. Көрүнүп тургандай ага эрк берилген жери жок.

Бирок, жуманын башталышында Сооронбай Жээнбековдун «24 кж» маалымат агенттигине коюлган 5 миллион айып пулдан баш тартышы үмүттү жандыргандай болду.  Бул аркылуу «Ордо оюну» катуу эле жүрүп жатканын байкоого болот.

30 миллион доону журналисттерден өӊдүрө албай турган экс-президенттен айырмаланып, айкөлдүккө барышын ага каршы аракет катары баалоого болот. Демек, көрүнүп тургандай, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин бардык эле аракеттери менен макул эмес.

Буга улай учурдагы Бажы тармагынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун Өкмөт башчы Сапар Исаковго бажы тармагындагы кирешелер 15 пайызга көбөйгөнүн сүйүнчүлөшү Алмазбек Атамбаевге урулган дагы бир сокку деп кабыл алууга болот.      Албетте, мунун бардыгы Алмазбек Атамбаевдин командасы үчүн жагымсыз болгону менен карапайым калк үчүн жагымдуу эле кабарлар. Анткени, жеп-ичкен, алдым-жуттум абалдан тажаган эл кандай гана болбосун кутулууну көздөп турат.

Атамбаевге алгачкы соккуну таамай урган Сооронбай Жээнбеков кийинки жолкусун Абдиль Сегизбаевден баштаса элдин зор ишеничине ээ болмок. Анткени, Аскар Акаевдин жакасына «жармашып», Курманбек Бакиевдин этегине «эрмешип», эми минтип Алмазбек Атамбаевдин көӊүлүн тапкан Абдиль Сегизбаевдин колу менен канчалык ыплас иштер ишке ашканын карапайым калк жакшы билет.

«Белизгейт», камакта жаткан Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков сыяктуу саясатчылардын тагдырына «балта чапкандардын» башында  так ушул Абдиль Сегизбаев турганы белгилүү. Камакта жаткан саясатчылар менен Сооронбай Жээнбековдун жеке ич күптүсү жок. Карапайым калк алардын тагдырын карап отурат. Мындай абалда Сооронбай Жээнбеков эл менен эсептешип, Алмазбек Атамбаевдин жеке амбициясынан улам бейкүнөө камалып жаткан саясатчылардын тагдырларынын оӊ жагына оошуна таасирин тийгизгенде тура болмок.

Эӊ эле жакшысы жакынкы аралыкта карала турган Коопсуздук Кеӊешинде улуттук коопсуздук маселеси менен кошо УКМКнын жетекчисинин буга чейинки иш-аракетине баа берип, «ээрден шыпырып» түшсө элге дагы, элдин убалына калгандан чарчаган Абдиль Сегизбаевдин өзүнө дагы дурус болмок.Абдиль Сегизбаев өзүн акыры ушундай эле тагдыр күтүп турганын билет. Болгону ыӊтайлуу учурду күтүп турат.

Эми Абдиль Сегизбаев Сооронбай Жээнбеков кызматтан алып түшсө эмне өзгөрөт? Эӊ эле ириде президентке деген элдин ишеними артат. Бул баарынан жогору болсо керек. Өлкөнүн укуктук талаага кайтышына негиз түзүлүп, мыйзамсыз камалган саясатчылардын тагдыры оӊ жагына чечилип, жазында күтүлө турган бир катар туруксуз саясый кырдаалдардын алдын-алууга шарт түзүлмөк. Бул президент Сооронбай Жээнбеков үчүн дагы, эл үчүн дагы утуш болмок. Муну тараптар жакшы эле түшүнүп турушат. Болгону бир адамдын, тактап айтканда, Алмазбек Атамбаевдин амбициясынан алыстай албай кылчактап турушат. Ал эми Абдиль Сегизбаев абалдан пайдаланып, акырын өз билген арабасын  кылдыратууда.  Буга чекит коюлуп, тагыраагы, Сооронбай Жээнбеков элдин ишеничине ээ болом десе Абдиль Сегизбаевди жана анын командасын «ооздукташы» керек…

  Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу