Алмазбек Асанбаев Тышкы иштер министрине кеңешчи болду

Алмазбек Асанбаев Тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Асанбаев чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү боюнча координациялуу иш жүргүзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекендештер менен иштешүү үчүн кеңеш түзгөн. Ал милдетти жүзөгө ашыруу, координациялоо Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн.

Алмазбек Асанбев буга чейин Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары болуп иштеген.

Булак: Марал

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу