«Алло» сөзү кандайча пайда болгон?

1876-жылы телефондун өзүн ойлоп тапкан Александр Белл, аны менен сүйлөшөөрдүн алдында байланыштагылар алгач саламдашып жана бири-бирин «угуп жатам, угулуп жатат» деген сөздөрдү кыскача айтуу үчүн бир гана сөз керек экенин түшүнгөн. Ошентип, «Ahoy» «аой» сөздөрүн ойлоп тапкан.

Бирок ойлоп тапкыч Томас Эдисон (телефонго көптөгөн өзгөрүүлөр менен жаңы нерселерди киргизген) сүйлөшүүнү «Hello», тактап айтканда «салам» сөзү менен баштаган туура деп ойлогон.

Акыры, айтууга жеңил жана ыңгайлуу болгон «Hello» сөзү жеңип чыккан. Адамдардын арасында бул сөз тез таралган. Ал эми француздар бул сөздү «Аллого» айландырып алышкан. Ошентип, «Алло» сөзү Франциядан Россияга, Россиядан бизге да келип жеткен.

Бирок баардык эле өлкөлөрдө “hullo” сөзү модага айланган эмес. Мисалы, Японияда телефонду көтөргөндө “Моси моси” (сүйлөп жатам-сүйлөп жатам), Грецияда «Паракало” (“суранам”), Испанияда “дига” (“сүйлөңүз”) сөзү колдонулат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу