Али Чачыкара, Венера Маматалиеванын жолдошу: «Жубайым экөөбүз чоң сүйүүнү башыбыздан өткөрүп баш кошконбуз. Бул үчүн биз бирөөгө жоопкер эмеспиз!»

Бирөөнүн жашоосун талкууга ала келгенде өзүбүздүн башыбыздагы төөнү көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрө калган жайыбыз бар эмеспи. Түрк улутундагы жаранга турмушка чыгып, бактылуу жашап жаткан кыргыз кызын көрө албай, «кыргыз балдар куруп калагансып» деп чыгышты. Уучубуз кур эмес, кыргыздын мыкты жигиттери четтен чыгат, бирок, ар кимдин тагдыры ар башка, бирөөгө жакшысы туш келсе экинчисине тескеринче экен. Беш кол эмес да, туурабы? Кыргызымдын жигиттери гүлдөй болгон кыздарыбыздын баркын билип аярласа, сүйүүнү, колдоону башкадан издемек беле..?

Редакциябызга  жубайын «түрккө тийип кеттин» деп жемелегендерге жооп берээрин айтып Венера Маматалиева менен жолдошу Али Чачыкара кайрылды:

-«Бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишип, аны элдин назарына алып чыгууга эч кимдин укугу жок. Эгерде кимде мындай укук болсо аны көрүүгө даярмын. Эмнеге билип- билбей, маалыматты тактабай, оюуна эмне келсе жазышат. Журналист макаланы жазаардан мурда чын-төгүнүн билип алышы керек экенин билишпейт окшойт, бул жалган маалыматты тараткандар. 

Азыркы учурда жубайыма абдан катуу сокку болуп жатат. Анткени, боюунда бар, стресстен улам боюунан түшүп калуу коркунучу болуп, бир жагдай болуп кетсе ким жооп берет? Абалды көрүп туруп унчукпай коюуга мүмкүн болгон жок. Анталиядан тиешелүү жерлерге барып келдик. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Жакынкы арада Кыргызстанга да барабыз.

Жубайым экөөбүз чоң сүйүүнү башыбыздан өткөрүп баш кошконбуз.  Кудайга шүгүр бактылуубуз. Бул үчүн биз бирөөгө жоопкер эмеспиз!»

«Мага тынчтык бербей калышты. Күндө ар кандай билдирүү жазышат. Кыргызстандан жардам беребиз дегендер бар. Буюрса баары жооп беришет. Мен муну менен коркутайын дегеним жок. Бул жерде жабырлануучу менмин, кайра мага атырылышат. Бул эмне деген бет тырмачылык түшүнгөн жокмун»-дейт Венера Маматалиева.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу