Алиярбек Абжалиев, “Республика-Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Менин агам бөлүм башчылыкка эмес, жетекчиликке барса да жарашмак”

“Мегаком” катары белгилүү “Альфа-Телекомдун” логистикалык бөлүмүн жетектөөгө Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев келген. Бирок, анын бул кызматка келишин коомчулукта “президенттин куда-сөөктү кызматка тартуу саясаты башталды” деп сындап чыккандар болду. Анткени, Абжалиев Жээнбеков менен кан куда. Ал эми “Мегакомдун” логистикалык бөлүмү эң кирешелүү тармак экени айтылып келет. Бирок, Абжалиев бул кызматка киришпей жатып, өз ыктыяры менен ал кызматтан баш тартып, арызын жазып кетти. Эмне себептен экенин депутат инисинен сурап көрдүк.

— Алиярбек мырза, бир тууганыңыз “Мегакомго” кызматка барып, ишке киришпей туруп, кайра арыз жазып кетти. Ага эмне негиз болду?

— Агам бажы системасында көп жыл иштеген, 2-3 облуста жетекчи болду. Азыр пенсияда. Пенсияга чыкса деле иштеш керек да. Ишке жарактуу болгондон кийин, жөн жатпай, бала-чаканы багуу керек. Жумуш издегенин мага деле айткан жок. Өзү аракет кылып, 5-6 жерге резюмесин таштаптыр. “Мегакомго” да калтырган экен. Алар карап чыгып, бөлүм башчылыкка ылайык көрүшүптүр. Чакырып, сунушташыптыр. Бул бир жума мурун болгон иш. Анан кечээ журналисттер укмуш маалыматча көтөрүп чыгып, “президенттин кудасы кызматка барды” деп чурулдатып ийишти. Президенттин кудасы болгону үчүн Абжалиевдер ишсиз отуруш керекпи эмне?! Ал деле оокатын кылыш керек, иштеш керек, балдарын бирөө багып бербейт го.

— Журналисттердин реакциясынан кийин эле кызматтан баш тартып кеттиби же, сиз сунуш бердиңизби?

— Менсиз эле өзү жазыптыр. “Мага чуру-чуунун кереги жок, мага ден соолук керек” дейт сүйлөшсөм. Түшүнгөнүм, массалык маалымат каражаттарына чыгып кеткен каралоо маалымат бөлүм башчылыктан баш тартып кетүүсүнө себеп болду. Агам азыр ооруканада жатат. Операция болуп, кечээ эртең менен реанимациядан чыкты. Жок жерден негатив издебегиле да. Бирөөгө пиар болуп, жагат, а бирөөгө ден соолугуна зыянын тийгизет. Мен деле агам тууралуу жазган журналисттерди Кудайга койдум. Журналист деген бардык тарабын жазыш керек. Агамдын эки диплому бар. Полковник. Кезинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Бөлүм башчылыкка эмес, жетекчиликке барса деле татыктуу. Мени таң калтырганы, мурун шоопурлар, жан сакчылар мамлекеттик кызматтагы жетекчиликке, минитсрликке барса да унчугушпай, азыр эми Абжалиевдердин бир жерге барганын чуу көтөрүп жатып калышканы. Жаманатты кылгандан эмне пайда табышат, түшүнбөйм.

— Сизди “кадр саясатына кийлигишип жатат” деген кептер да айтылууда…

— Мен депутатмын, ишим ушул. Кадр саясатына бир да аралашкан жерим жок. Кимди, кайсы кызматка коюптурмун, факты менен айткыла. “Ушундай кеп-сөздөр чыкпасын, эл айтпасын” деп, кадр саясатына аралашпайм. Жөн эле доомат арта берген болбойт да.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу