Алиша Дианын жолдошу Бакыт Бегалиев: «АЛИШАНЫН КОЛУН БЕШИНЧИ ЖОЛУ СУРАГАНЫМДА ГАНА МАКУЛ БОЛДУ» (тойдон фоторепортаж)

2-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде актриса, ырчы Алиша Диа турмуш жолуна аттанды. «Уурунун махабаты», «Гаишниктер», «Сүйө бил», «Шаардык келин Шарапат» тасмаларында, казактардын «Жаным» сериалында роль жараткан, учурунда «Импульс» тобунда ырдап жүргөн актриса жана ырчы Таласка келин болду. Жаш жубайлардын жакшылыгына биз да күбө болуп кайттык.

– Бакыт, Алиша, куш бооңор бек болсун! Бул күндү экөөңөр канча жыл күттүңөр?

Бакыт: – Куттуктооңузга чоң рахмат! Алиша экөөбүздүн кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 8 жыл болгон. Бул күндү мен абдан көп күттүм. Алишанын колун 4 жолу сурадым, төрт жолу тең «отказ» кылып койгон. 5-жолкусунда «ооба» деген жооп алдым. Мына азыр өзү жармашып жүрөт (каткырып).

Алиша: – Мен негизи турмушка шашып чыгып, анан бат эле ажырашып кеткендерди туура көрбөйм. Эркек киши да турмуштун ысык-суугун көрүп, үйлөнүүгө моралдык жактан толук даяр болушу керек. Өзүм үчүн жооп бере турган болсом, Бакыт колумду сураганда мага турмушка чыгууга эрте сезиле берчү. Башында «Импульс» тобу менен келишимим бар эле, андан соң Казакстанга «Жаным» сериалына тартылганы кетип калдым. Оюмда көп нерсеге жетишип, көптөгөн долбоорлордо иштеп калышым керек эле. «30га чыкканда турмушка чыгам» дечүмүн, ага чейин Кудай буйруп, 27 жашымда турмуш жолуна аттандым.

– «Турмушка чыксам, чыгармачылыгым токтоп калат» деп кооптонгон экенсиң да.

А.: – Ошондой. «Болочоктогу жолдошум чыгармачылыгымды колдоп турса» деп кыялданчумун. Кудайга шүгүр, Бакыт мени бүт тараптан колдоп, таяп турат.

– Бири-бириңерди кайсы мүнөзүңөр менен имерип алдыңар?

Б.: – Алишанын ак көңүлдүгүн, жан дүйнөсүнүн тазалыгын жана наристедей ишенчээктигин жактырдым.

А.: – Бакыт экөөбүз алгач таанышканда мен буга такыр жаккан эмесмин. Экөөбүз тең бири-бирибизге бой көтөргөндөй сезилиптирбиз. Кийин гана Бакыттын романтик, жумшак адам экенин билдим. Көңүлүмдү алганга көп аракет кылчу. Жумасына 3-4 жолу гүл берип, ал гүлдөр соолуй электе экинчиси келип калар эле. Апам көрүп «мынча көп гүлдү эмне кыласыңар, андан көрө башка нерсе албайсыңарбы» дей берчү. Түн ичинде ооруп калсам, дары, таттууларды кошуп себетке салып көтөрүп таң атпай жетип келип калчу. Азыр 32 жашта, үйдө жалгыз уул.

Сейилдөө учурунан.

Чакан мамлекеттин түптөөчүлөрү Бакыт менен Алишаны Айчүрөк Иманалиева «Жар-жар» ырдап алып кирди.

Жаңы үйлөнгөндөр никесин мыйзамдуу каттап, бири-бирине нике шакегин тагышты.

Алишаны куттуктап сахналаш кесиптештери Нурлан Насип, Абир Касенов, Айпери Кубик кызы келишти.

Алишанын кайненеси жазуучу, акын Өмүрбүбү Бегалиева келинине ак жоолук салып батасын берип, түгөйлөрдү куттуктап ыр да окуп берди.

Түгөйлөр тойго арналып жасалган тортту аукционго коюп, конокторду атаандаштырууну ылайык көрүшпөдү. «Жашообуз торттой таттуу болсун» деген той ээлери отургандардын баарына ооз тийгизишти.

Алиша гүл ыргытып, кыздарды талаштырып отурбай эле көзүн жумуп келип колуна туш келген кызга гүлүн карматты. Тойдон кийин актриса «гүлүмдү аябай турмушка чыккысы келип жүргөн курбума карматыптырмын» деп тамашалап өттү.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу