Алина: «»Төрөбөйт» деп төркүнүмө жеткирип беришти…»

Турмушка чыккам. Аз убакытта кош бойлуу боло албаганым үчүн төркүнүмө жеткирип беришти. Баары мени күнөөлөйт. Эми кантип турмушка чыгам?  Кайра кайталанбаш үчүн эмне кылсам болот? 

Гүлбарчын Жумабаева 

Эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман, дароо боюңузда болбой калгандына сиз күнөөлүү эмессиз. Өзүңүздү айыптуу сезүүнүн кереги жок.

Тескеринче, сиздин ден-соолугуңуздун абалына кызыкпаган, бир дагы жолу дарыгерге алып барбаган жолдошуңуз, ата-эне, туугандарыңыз күнөөлү.

«Дени сак эне — дени сак бала, дени сак улут» дейт. Келин келген соң дароо төрөшү керек деген эски стереотиптик көз караш.

Тилекке каршы, кыздын ден-соолугуна ата-энеси, кайын-журту терең көңүл бурбайт. Бул кайдыгерчилик энелердин, ымыркайлардын өлүмүнүн өсүшүнө алып келүүдө. Кош көңүл мамиленин натыйжасынан, бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразия мамлекеттеринин ичинен биринчи орунда турат.

Демек, сиз эч кимдин алдында айыптуу эмессиз. Сизде дарыгерге кенен текшерилүүгө, дарыланып, ден-соолук камын көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Андан соң, өз бактыңызды табаарыңызга ишенем. Бактылуу болуңуз!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу