Алина Пирматова, «Дүйнөнүн жаш сулуусу» титулунун ээси: «Колумду сурагандар көп, бирок турмуш курууга шашылбайм…»

Чет өлкөлөрдөгү ар кандай масштабдагы сынактарда дагы кыргызстандык сулуулар алдыңкы орундарды алып, жеңиштүү кайтып келгендери бар. Айчырайлуу модель жана актриса кызыбыз Алина Пирматова Ливанда өткөн эл аралык «Miss Asia World» сулуулук сынагында «Дүйнөнүн жаш сулуусу» («Miss Teen World») титулун алып кайткан.

— Негедир башка улуттарга окшоштугуң байкалып турат…

— Метисмин десем болот. Жалпы туугандарыбызда кыргыз, казак, өзбек улутунан да бар.

— Алина, Ливанда өткөн конкурста «Дүйнөнүн жаш сулуусу-2017» титулун алып кайттың. Алдыда дагы кандай сынактар күтүп турат?

— Ливандын борбору Бейрутта өткөн «Miss Asia World» сынагына 36 өлкөнүн сулуулары катышкан. Финалда жеңүүчү Сириядан келген Анге Морад аталды. Мен «Дүйнөнүн жаш сулуусу» титулун алып кайткам. Эң жакшы таасир менен кайткам. Учурда ар кандай чет өлкөлүк компаниялардын чакыруусу менен ал өлкөлөргө фотосессияларга барам.

— Жеке турмушуңа да токтоло кетсең. Жактырган мырзаңды жолуктурдуңбу?

— Азыр жеке жашоомо көңүл бурганга убакыт жетишсиз болуп турат. Жүрөгүмдү ээлеген, жактырган мырзам бар деп азырынча айта албайм. Кээде эле жолугушуулар болуп калбаса, узакка мамиле түзгөнгө азырынча каалоом жок. Көп мырзалар чыныгы сүйүү мамилесин түзүүнү суранышат. Социалдык түйүндөрдөн кат жазышкан мырзалар бар. Ата- энеме жуучу түшүп келгендер бар. Бирок, ата-энем деле менин турмуш курууга шашылбаганымды жакшы билишет. Дагы дүйнөлүк сынактарга катышууга, дагы көп максаттарымды ишке ашырууга  мүмкүчүлүгүм бар.

Айсулуу Асыл кызы

БУЛАК:АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу