Алина: «Күйөөм кордугу аз келгенсип, балдарым жаңы апасын тандап кетти…»

Гезитибиздин «Менин баяным» рубрикасы аркылуу түркүн тагдырларга орун берип, башкалар сабак алса деген максатты көздөп келебиз. Бул оюбузга ортоктош окурманыбыз Алина да өз тагдырын ортого салып отурат. Табышуудан ажырашуу көп катталып, бактылуудан бактысыздар басымдуулук кылып турган учурда мындай баян бир топ адамга шык, дем берет деген үмүттөбүз.

— Бактылуу балалыкта, мыкты тарбия алып чоӊойдум. Мектепти аяктап, жогорку окуу жайга да тапшыргам. 3-курска көчкөндө ата-энемдин каршылыгын тоготпой өзүмдөн сегиз жаш улуу адамдын колун кармап кеттим. Жолдошум абдан майдачыл болуп чыкты. Алып келген ар бир азыгынын баасын эсептеп, күнүнө канча чыгым кылганыбызды айтып наалыйт. Болбосо менчик үйдө жашайбыз, тапканы деле жакшы болчу. Акчаны аяганынын себебин чоӊ там алуубуз керек деп түшүндүрчү. Кыз-жигит кезибизде бул сапатын байкабаган экем. Мындай көржемечилиги мени бат эле жүдөтүп жиберди. Бирок тагдырыма баш ийгенге аргасыз элем. Күйөөм нанга 15-20 сом таштайт, сүт ичүүдөн акчаны сарамжалдайбыз. Кем-карчтарды алууга чыксак тизмедегинин үчтөн бирин гана алып келебиз. Эх, иши кылып бар туруп битин сыгып, канын жалаган жашоо болду. Бала күнүмдөн мындай кысымды көрбөгөн жаным абдан кыйналдым. Бирок арманымды эч кимге айта албадым. Баарына өзүмдү күнөөлөп бери карап күлүп, ары карап ыйлап жашадым. Удаа бир уул, бир кыздуу болдук. Балдарыбыз тартуулаган бакыт, аталык сезим деле анын сараӊдыгын жоё алган жок. Тескерисинче балдар үчүн чыгым болсо кабагына каар жаап, түнөрүп оозунан кеп чыкпай, заарын чачып калчу. Ишенесизби, уулубуз 3 жашка чыкканча бир шылдырактан башка оюнчук алып берген жокпуз. Анын кулк-мүнөзүнөнбү, төркүндөрүбүздөн деле эч ким келчү эмес. Жоро-жолдоштору жокко эсе эле. Айда-жылда бир келген ата-энелерибиз алып берген кийим, оюнчук, велосипед сыяктуу керектүү нерселер гана балдарыбызды кубандырбаса, өзүбүз ата-эне катары андай бакыт тартуулай албадык. Ичкен-жегенибизди эсептегени эсептеген. Аябай зарылчылык болгондо гана акча сурабасам, үй-бүлөбүздүн ачык маанайы үчүн кийгенден эле эмес, ичкен-жегенден да өзүмдү тыйып жашадым.

Уул-кызым ушундай жашоодо эс тартып, мектеп жашына жетишти. Баса, акчаны аяп аларды бала бакчага да берген эмеспиз. Шаарда балдарды окутуу кандай азап экени баарына белгилүү го. Аларды окууга даярдоо, мезгил сайын кийинтүү күйөөм үчүн азап менен эле тозок болду. Мурда наалынып, кагынып-силкинип тим болсо, эми балдарды кошо тилдеп, мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп чыр чыгарат. Балдарымды аяйм. Алар деле атасынын сырын беш колдой билип, анын каарына кабылып калбаганга аракет кылып жалпаӊдап, жагалданып турушат. Алардын көзүнчө урушуп, чабышканыбызга ичим туз куйгандай ачышат. Мага кол көтөргөн сайын болушуп жатып балдарым деле бир топ таяк жешти. Бир күнү кызым чогулткан тыйынына көпөлөктөрдүн наклейкасын сатып алыптыр. Бала неме кубанычын жашыра албай атасына анысын мактанып койду. Ал болсо болбогон нерсеге акча кетирдиӊ деп кызына наалып баштады. Экөөбүз урушуп кеттик. Адатынча кол көтөргөндө арачага түшүп мени коргогон кызымды кежигеден алып ыргытып жиберди. Жеӊил неме дубалга жабыша эле түштү. Бул окуя чыдамымды түгөтүп балдарымды алып кетип калдым. Бул кадамым балким аны эсине келтирип, акчадан үй-бүлө жогору турарын сездирер деп ойлогом. Бирок жолдошум менден кутула албай жүргөндөн бетер бир кечирим сурап, жарашалы дегенге жараган жок. Түз эле балдарды талашып, мыйзамга туура келбесе да акчанын күчү менен балдарды алып койду. Мага өчөшүп балдарга жакын жуутпай оюнда мени жазалады.

Биз ажырашкан кезде уулум 4-класста, кызым 2-класста эле. Байкуштарым мен жок кантишти экен деп санаа менен жашап калдым. Токмок жесем деле балдарымдын жанында болуп, чыдап жашай бербей деп өзүмдү канча күнөөлөдүм. Арадан жарым жылдай өткөн соӊ жолдошум мени түӊүлдү деп ойлоду окшойт, балдарды мурдагыдай кысымга алып кайтарбай калды. Ушундан пайдаланып алардын мектебине барып уурданып учурашып жүрдүм. 5-10 мүнөттүк тыныгууда ала барган таттууларымды карматып, жыттап-жыттап алам. Ушуга каниет кылам. Энесиз бала кантип тыӊ жүрсүн. Жүдөгөн кебетелерин, кийим-кечесинин кем-карчын көрүп каӊырыгым түтөйт. Баарын алып бергим келген менен атасы шек алып, жолуктурбай коёбу деп корком. Сынамакка сурасам балдарым да атасынан коркушуп менден эч нерсе алгылары келбейт. Биздин беш жылыбыз ушундай уурдануу менен өттү.

Бул арада балдарымдын «биз менен эле жашаӊызчы», «бизди алып кетиӊизчи» деп жалооруган кебетелери сай-сөөгүмдү сыздатчу. Чынын айтайын, күйөөмдүн «жүрү» деген бир ооз кебин күтүп, жол караган да учур болду. Балдарым үчүн баарына макул элем. Бирок андай болбой тескерисинче «энеӊер силерди таштап кетти» деп мени балдарга жамандап туруп алды. Акыры анын жарашуу ою жок экенине көзүм жеткенде, «балдарымдын келечегине акча топтойм» деп максат койдум да, башымды жалгыздыкка байлап койдум. Беш жылдык ыргылжыӊ, эзилген жашоодон кийин мени баш көтөрткөн ушул максатым болду. «Артык дөөлөт баш жарбайт, балдарымдын ЖОЖдо окуусуна акча топтойм» деп тытынып иштей баштадым. Уулума өзүнчө, кызыма өзүнчө эсеп ачып бирдей суммада акча салып турчумун. Улам маянасы жакшы иш тапкан жерден батирге чыгып, «күйөөм бар туруп ичип-жеген эмесмин, эми жалгыз бой кезде ичип жебей койсом эч нерсе болбойт» деп өзүмдөн аяп жашадым. Качан уулум мектепти аяктаганда кызым экөөнү кафеге чакырып алар үчүн камдаган ушундай белегим бар экенин сүйүнчүлөдүм. Экөө бирдей кубанып, жетине албай кетишти. Эки айдан кийин уулум менден акчаны өз эсебине которуп берүүмдү суранды. Жок деген жокмун. Анан кызым келип акчанын айынан атасы уулу менен урушканын айтып берди. Мен чогулткан акча тууралуу уккан атасы уулун күчкө салып өз эсебине котортуп алыптыр. Эми кызыма кысым кылып атканын айтып ыйлады. Күйөөм заарына ала берип балдарым жедеп коркок, чечкинсиз, ызакор болуп бүтүшүптүр. Уулумдун акчасы болору болуптур деп, кызыма бул менин ак эмгегимдин акыбети, жалгыз гана ага арналган акча экенин канча түшүндүрүп айтсам да атасы тарапта болуп туруп алды.

Акыры «бербесеӊ бербе. Сен бизди таштап кеткенсиӊ. Эми айтып коюп аянган акчаӊдын кереги жок» деп таарынып кетип калды. Кызымдын кылыгы жүрөгүмдү оорутканы менен өткөөл куракта баары ушундай болушат деп өзүмдү соороттум. Эртеси уулум чалып акчаны ала албаганы үчүн атасы кызы менен урушканын, кызым өлөм деп качканын айтты. Аргасыз акчаны котордум. Бул учур кандай оор болгонун сезип турсаӊыз керек. Ата-энеси эмнени максат кылып жашаса, бала да ошондой болуп калат тура. Уул-кызым да акчаны жогору коюп, адам көӊүлүн тепсеп салчу жан болушканын кийин билдим. Атасы акчанын канчасын өзү алып, канчасын балдарыма бергенин билген жокмун. Алар менден өздөрүн алыстатып, оолактап кетишти. Жаштык кылып жатышат, акыры баарын түшүнүшөт деп күтүп жүрдүм. Бир күнү чоӊ соода түйүнүнүн ачылышында уулумду көрүп учураштым. Ал абалымды сураган соӊ буйдалбай туруп «биякта атам, мамам болуп жүрөбүз. Атам бизди жаӊы апалуу кылган» деди толкундана. «Жаӊы апа» деген сөз жан дүйнөмдү талкалап кетти. Шек билдирбеске тырышып турсам кызым арыдан бир аял менен колтукташып келип калды. Кыязы, ал менден беш жаштай кичүү окшойт. Кызым уулумдан бетер «таанышып алгыла. Бул биздин таштап кеткен апабыз. Бул болсо биздин жаӊы мамабыз. Апа, атам үйлөнгөн» деди кубанычтуу. Мен алардын жанынан кантип кетип, үйгө кандай жеткенимди билбейм. Жалаң ушул экөө үчүн жашоомду жалгыздыктын азабында өткөрүп келбедим беле. Мен алар үчүн алмашкыс энемин го? Менин жаштыгым балдарым үчүн курман болбоду беле? Бир жума баш көтөрбөй жатып калдым. Балдарымдын чалууларын күттүм. Жок, чалышпады. Акырындап өзүмө келип акыркы кезде колумду сурап жүргөн адамды жолугушууга чакырдым. Ал адам менин арманымды убактылуу эле унуттурбастан, кыйын күндөрдөн сууруп кетти.

Жанагы окуядан кийин калган өмүрүм да жалгыз өтпөшү керек деген жыйынтыкка келдим да, баш кошуу сунушун кабыл алдым. Анын тестиер эки кызына балдарым айтмакчы «жаӊы апа» болуп бардым. Бул жолдошумду балдарымдын атасына салыштырып болбойт. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Анын «жаӊы кыздарым» менен мага болгон камкордугу, үй-бүлөгө карамдуулугу, жумшак мүнөзү жашоомду жазга айлантты. Бирге жашаган үч жылдагы жалгыз тилегибиз балалуу болуу эле. Буюрса ал бактыбызды саат санап күтүп жаткан кезибиз. Жашым кыркка келгенде дагы бир жолу эне болгону турам. Кудай ушул бактымды кут кыл деп жашап жаткан кезим. Кебимдин соӊунда бир кездеги мен сыяктуу башын жалгыздыкка байлап койгон аялдарга кайрылам. Жаш жаныӊарды жаман күйөө менен жалгыздыкка кор кылбагыла. Жалгыздык Кудайга гана жарашат деп бекер айтылбаса керек. Бала өз күнүн көрүп кетет экен. Жаныӊда калчу адам жарыӊ гана болот тура. Ошол үчүн күйөөнү, аялды өмүрлүк жолдош дейт тура. Чыныгы өмүрлүк жолдошунарды издегиле, тапкыла. Ар бир аял бактылуу болууга акылуу.

Булак: «Леди кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу