Алина Жетигенова: «Гүлнара Кахарова экөөбүз бир күндө төрөгөнбүз…»

Эң кенже уулум Алтынбек эмнегедир биз аябай күтүп, самаган балабыз болду. Ооруканага жолдошум экөөбүз чогуу барып, кош бойлуулугум аныкталганда абдан кубанганыбыз азыркыга чейин эсимде. Кызыгы, кош бойлуу экенибизди ошол күнү Гүлнара Кахарова экөөбүз чогуу билип калдык. «Сеники кыз, меники эркек болсо кудалашып алабыз»- деп калчубуз. Экөөбүздүн кош бойлуу кезибиз бир үйдө өттү. Күн сайын ээрчишип алып бир күнү лагман, бир күнү оливье жейбиз деп эле жүрчүбүз. Жолдошторубуз экөөбүздү аябай карап, биздин жегибиз келген тамактарды жасап беришчү. Ай-күнүбүз жеткенде экөөбүз бир күндө төрөдүк. Оозубузга сала бергендей мен уул, ал кыз төрөдү. Балам ыйлап менин эмчегимди эме албай, көпкө чейин Гүлнараныкын ээмп жүрдү. Кийин эс тартып калганда «апа, мени ким төрөдү эле? Сизби же Гүлнара Кахаровабы?»- деп боорду эзчү.

БУЛАК:Леди.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу