Аликбек мырза дасыккан дипломат…

Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министри болуп турган мезгилинде, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн арттырып, бир топ мамлекеттер менен алака түзүүдө көпүрө болгон, жана өлкө дипломатиясынын өнүгүшүнө  салымын кошкон инсан. Аликбек мырза дайыма өзүнүн принципиалдуулугу, компетенттүүлүгү жана калыстыгы менен коомчулуктун жылуу пикирине арзып келет. Эң башкысы позициясында бекем туруп, дайым чындык үчүн күрөшүүдөн тайманбаган эр жүрөк инсан. Учурда Коомдук иштер менен алектенип, саясий ишмердүүлүгүн улантып, өлкө үчүн ак кызматын аткарууда. Аликбек мырза ар-дайым өлкөбүздүн ички жана тышкы саясатта татыктуу ордун табуусу үчүн, элибиздин бейпилдиги үчүн талыкпай эмгектенип келет. Аликбек Жекшенкуловдун коңшу өлкөлөр менен болгон достукту чыңдоодогу кадамы, илгери Манас атабыздын убагындагы «Бакай Атанын» эмгегине барабар экенин айта кетпесек болбос…

Айрым маалыматтарга таянсак, жакынкы күндөрү Россия Федерациясына элчи болуп мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бараары кеп болууда. Албетте, Аликбек мырза дасыккан дипломат. Анын бул кызматка дайындалышы өлкөгө пайда гана алып келет. Аликбек мырза бул кызматка барып калса эки мамлекеттин алакасын арбытып, инвестициялык климатты жөнгө салууда жана ал жактагы мекендештерибиздин укуктарын коргоодо натыйжалуу иштер жүрөөрү талашсыз.

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу