Аликбек Жекшенкулов ТИМ башчысы болобу?

Кечээ, былыгы чубалган ТИМ башчысы Эрлан Абдылдев ээлеген кызматынан бошотулду. Учурда бул кызматка ким келээр экен деген суроолор коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган чагы. Ал ортодо социалдык тармактарда калктын калың катмары бул орунга тубаса дипломат, кыргыз дипломатиясынын арстаны атыккан Аликбек Жекшенкуловдун келишин каалап жаткандарын жашырышкан жок. Эгерде эле бийлик коомчулуктун талабын эске алып, бул сценарий ийгиликтүү ишке ашып кала турган болсо Аликбек Жекшенкулов тышкы саясаттагы алешемдиктерди жөнгө салып, бийликтин аброюн арттыраары талашсыз.

Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министри болуп турган мезгилинде, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн арттырып, бир топ мамлекеттер менен алака түзүүдө көпүрө болгон, жана өлкө дипломатиясынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон инсан. Аликбек мырза дайыма өзүнүн принципиалдуулугу, компетенттүүлүгү жана калыстыгы менен коомчулуктун жылуу пикирине арзып келет. Эң башкысы позициясында бекем туруп, дайым чындык үчүн күрөшүүдөн тайманбаган эр жүрөк инсан. Учурда Коомдук иштер менен алектенип, саясий ишмердүүлүгүн улантып, өлкө үчүн ак кызматын аткарууда. Аликбек мырза ар-дайым өлкөбүздүн ички жана тышкы саясатта татыктуу ордун табуусу үчүн, элибиздин бейпилдиги үчүн талыкпай эмгектенип келет. Аликбек Жекшенкуловдун коңшу өлкөлөр менен болгон достукту чыңдоодогу кадамы, илгери Манас атабыздын убагындагы «Бакай Атанын» эмгегине барабар экенин айта кетпесек болбос…

Булак:ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу