Аликбек Жекшенкулов: КСДПын өзүн өзү жок кылуу процесси башталды.

курултайынан кийинки ойлор…
Бүгүнкү күнү КСДПынын ынтымагынын ыдырашы жөнүндө кепилдик менен айтса болчудай болуп калды.
Биринчиден: Атамбаевдин тарапташтырынын чогулушун партиянын курултайы деп айтыш оор. Ар бир партиянын уставында делегаттардын тандоосу жөнүндө тартиптер айтылат. Алар алгач, аймактык партиялык уюмдар тарабынан шайланат, алар партиялык лидер менен дайындалбайт. ММКларга чыккан маалыматка таянсак, уюштуруучулар өзулөрү курултайдын делегаттарынын тизмесин бекитишкен. Каалагандарды киргизип, каалабагандарды чийип салышкан. Мындай жол менен, өзгөчө Жобо бузулуу аркылуу лидерди тандоо күмөндүү болуп эсептелинип калат.
Менин оюмча, КСДПын өзүн өзү жок кылуу процесси башталды.
Экинчиден: жеке мамилелик ажырым орун алды, Атамбаев кармаланбай жатат, адаттагыдай кызыл кандуулукка алдырды, ошондуктан олутту саясий каталарды кетирди. Соңку жылдардагы ал, өзү курган саясий конструкция бузулуп баштады.
Баарын өз алдынча көзөмөлгө алуу, жана мыйзамдуу шайланган президентти башкаруу ниети ишке ашпады.
Үчүнчүдөн: Атамбаев мурункудай болуп баарын чече албай жана таасирин жоготуп калганын сезгендиктен баарын күнөөлөп, өзүнүн тегерегин коргонго аракет кылды.
Биз, анын мындай сөздөрүн көп жолу укканбыз, бул жолу анын ою өтпөйт, анткени эл азыр түшүнүп калды кимдин ким экенин.
Эми, сөздүн соңунда айтат элем – Алмазбек Атамбаев көнүмүш адаттарын тыштабай, кайрадан эле дүрбүттүрө берсе, анда баарын жоготот – коомчулук менен саясий элитага болгон таасирин, жана өзгөчө партияга. Бара-бара, акыры өз кылыктарында толугу менен жооп берет.
Кыргыз коомчулугу өзүнүн башынан ачуу сабактарды өткөрүп, саясатчылардын анык жүздөрүн таанып-билгенди үйрөндү. Өзгөчө бүгүнкү күн мамлекетти алдыга жеткириш үчүн жана жаркын келечекке жетиш үчүн ынтымак менен туруктуулук керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу