Аликбек Жекшенкулов, дипломат, саясат илимдеринин доктору: “Эгемендүүлүккө биз жоопкерчилик менен мамиле кылуубуз зарыл”

-Аликбек Жекшенкулович, Кыргызстан эгемендик алган жылдары эмнеге жетише алды? Көз каранды эмес өлкө катары алдыга койгон пландары канчалык деңгээлде аткарылды деп ойлойсуз?

— Америкалыктар демократия Европадан келген деп айтышат эмеспи. Менимче, демократия көчмөн элдеринен чыккан. Анткени, байыркы замандардан бери эле биздин элибизде мамлекетти, элди  башкаруу боюнча, адамдын укуктары боюнча өзүнүн салттуу эрежелери болгон. 27 жылдын ичинде көп өзгөрүүлөр, тез кыймылдар болду. Эсиңерде болсо керек, али эч ким аракет кыла электе биз өзүбүздүн валютабызды, сомду киргизгенбиз, эгемендиктин атрибуту болгон желегибизди, гимнди кабыл алганбыз. “Легендарлуу парламенттин” эң жаш депутаттары катарында ошол процесстердин баарына активдүү  катышып калдым.

Биз бактылуу эл экенбиз, дүйнөдө 10-20 млн. эли менен жүздөгөн улуттар бар эгемендүүлүккө жете албай, өз алдынча мамлекет болууну эңсеген. Ошол үчүн эгемендүүлүккө биз жоопкерчилик менен мамиле кылуубуз зарыл. 27 жылда  эң чоң байлык — бул эркиндик.

Эркиндик баарынан жогору турат. Ошону биз сактай алганыбызга мен сыймыктанам. Эркиндикти сезүү боюнча биз башка мамлекеттерден айырмаланып турабыз. Экинчи чоң жетишкендигибиз —  элибиз, ар бир жаран бирөөнүн эсебинен күн көрүү психологиясынан арылып, өзүнүн келечегин өзү пландап, ар бир жаран өзүнүн жашоо-шартын өнүктүргөнгө, бала-бакырасын тарбиялап-бакканга, билим берүүгө аракеттерди  көрүшөт. Бул дагы эң чоң жетишкендик, улуттун аң-сезими, көз караштары калыптанып, кыйынчылыктарды өз алдынча жеңгенге үйрөндү. Мамлекет элге жардам бербей, тескериче эл мамлекетке жардам берип жүрөт.

Ал эми жетишпеген жактарына токтолчу болсок, албетте, бүгүнкү күндө биримдик, мыйзамдуулук, тартип маселелери турат. Өзгөчө соңку 10 жылда кээ бир саясатчылардын айынан сын такмай,  көрө албастык, ичи тардык, кур доомат, ушактар күч алып бараткандай көрүнөт. Бул көрүнүштөр биздин өнүгүүбүзгө жолтоо болуп жатат. Бирок,  кыйынчылыктарга карабастан, биздин элибиздин пейили, ниет-тилектери жакшы, жаңылыктарды тез кабыл алып,  алдыга умтулган мыкты эл. Мен ишенем,  келечегибиз кең болуп, баары бир жакшы өнүгүү жолуна түшөбүз.

Кыргызстан ички, тышкы саясаттын, приоритеттерин аныктоодо тышкы күчтөргө канчалык көз каранды эмес деп ойлойсуз?

— 27 жылда биз ары болдук, бери болдук, кыйналдык, төңкөрүштөр болду, президенттерибиз качып кетти. Ушунун баары бир нерсени туюндуруп турат: биздин жетекчилерибиз улуттун кызыкчылыгын көздөгөн көз карандысыз  саясат жүргүзүшү керек. Ички саясатта дагы, тышкы саясатта дагы. Тышкы саясатты президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт аныктайт. Бирок, аныктаардын алдында коомдун өкүлдөрү жана илимпоздор  менен кеңешүү керек. Жети ойлонуп, бир кескенде ошондо жаңылбайбыз, эл аралык аброюбуз дагы өсөт. Ошондо бизди тышкы күчтөр, эл аралык коомчулук да сыйлап,  биз менен эсептеше баштайт.

— Дипломат катары кандай деп ойлойсуз, тышкы саясатта бизге кандайдыр бир жаңы багыт керекпи, же ушул эле багыттарыбызды өнүктүрүп отурганыбыз туура болобу?

— Тышкы саясат бул негизинен консервативдүү нерсе эмеспи. Кошуна мамлекеттер жана ар кайсыл өнөктөш өлкөлөр менен кылымдардан бери калыптанып калган мамилелерибиз бар. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин, Кыргызстандын дагы  геосаясий талаада өзүнчө орду калыптанууда. Улуттун кызыкчылыгына жараша биз баарын талдап, изилдеп, тышкы саясаттын багыттарын кайрадан аныктоого тийишпиз. Азыр учурга чейин багыттар аныкталгандай, ошолордун ыкмаларын, мазмунун  бир сыйра кайра карап чыгыш керек. Өзүңөр билесиңер, кээде  сүйлөшүлгөн маселелер, кол коюлган келишимдер аткарылбай калат. Эмне себептен? Буга биз күнөөлүүбүзбү, же башка тараптарбы? Ошонун баарын изилдеп, такташ керек. Биздин улуттун кызыкчылыгын алдыга койгон натыйжалуу, туруктуу тышкы саясатты жүргүзүү абзел.

Экинчиден, тышкы саясатта — бул кадр маселелери чоң көйгөйгө айланып бара жатат. Дипломатияда жалгыз билимдин өзү аздык кылат, адамдык табигый сапаттар абдан  маанилүү. Дипломат, кыраакы, кылдат адамгерчилиги жогору инсан болуп, керек болсо психолог, философ болуусу кажет.

Бир эле мисал. Жакында эле президентибиз Түркмөнстанга иш сапары менен барганда  кээ бир саясат тануучулар  “аякта эмне бар?” дешип сындап чыгышпадыбы. Мен аябай таң калдым. Алар геоэкономиканы түшүнбөйбү, бир нерсе айтаардын алдында географиялык картаны бир карап коюшпайбы. Түркмөнстан аркылуу Кыргызстанга Европадан, Түркиядан, Ирандан, Араб өлкөлөрүнөн  үзгүлтүксүз жүктөр  келет. Түркмөнстан ошолордун жолун тоспой, биздин ишкер жарандарга шарт түзүп, жардам беришине биз муктажбызбы? Албетте, муктажбыз.

Биздин коопсуздугубуз  чек аралаш болбосок дагы Ооганстандагы абалга түздөн-түз көз каранды. Ал эми Түркмөнстандын Ооганстан менен чек арасы аябай чоң. Нейтралдуу мамлекет катары алардын маалыматы, тажырыйбасы да бар. Мындай мамлекет менен сөзсүз алака түзүшү керек. Же болбосо дагы бир маселени алалы. Арал проблемасы түздөн-түз биздин мөңгүлөргө таасир этет. Түркмөнстандын, Казакстандын, кумдарынын чаңдарынын өлчөмү биздин тоолорго көбүрөөк келе баштаса, мөңгүлөрүбүз кичирейип, суу азайып, экологияга, элдин турмушуна, мамлекеттик өнүгүшүнө терс таасир бериши мүмкүн. Ошон үчүн президентибиздин Түркмөнстанга барганы маанилүү жана жемиштүү болду.

Менин оюмча, деги эле саясатта бузукулуктан арылбасак биздин келечегибизге, өнүгүүбүзгө, керек болсо эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч келтириши мүмкүн.

— Саясата дипломатия канчалык маанилүү экенин өткөн президенттин мисалында көрбөдүкпү.Кыргызстан аз жерден кошуналардын, өнөктөштөрдүн баары менен таарынышып кала жаздады.

-Ошон үчүн айтылат да. Ички саясат менен тышкы саясат байланыштуу.Биз кандай лидерди шайласак, ички саясатыбызга жараша тышкы лидерлер бизге ошондой мамиле кылат. Мына, жаңы президентибиз алгачкы сапарларына чыкканда көбү  сынтагып карап турушпадыбы. Бирок, алгачкы бир сыйра  сүйлөшүүлөр, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай ж.б., өнөктөш мамлекеттерге татыктуу, жакшы деңгээлде өттү. Президент бир сыйра кыдырып,  орчунду маселелерди чечкенге аракет кылып, ирээтке салып келгенден кийин эми дипломаттар мунун баарын ишке ашыруулары зарыл.

Оогансандагы абал бизге канчалык деңгээлде кооп туудурушу мүмкүн?

-Ооганстандагы абал биздин коопсуздугубуз үчүн абдан маанилүү. Бул өлкө менен чек арабыз жок болгону менен аралыгыбыз алыс деле эмес. Ошондуктан, биз Ооганстанда болуп жаткан окуяларды иликтеп, изилдеп, көз салып, ошого жараша иш чараларды кылып, коопсуздугубузду бекемдей беришибиз керек. Диний экстремизм бизге кайсыл жактан келип жатат? Ооганстандан. Эл аралык терроризм, наркотрафик  каяктан келип жатат. Ошол жактан, туурабы?

Мына ушунун өзү “ОДКБ”, “ШОС” сыяктуу уюмдар менен байланышты күчөтүүнүн зарылчылыгын билдирип турган жокпу?

-Сөзсүз. “ОДКБ” жана “ШОС” Кыргызстандын коопсуздугун бекемдөөдө жаатында олутту рол ойнойт. Бүгүнкү күндүн дүйнөлүк чакырыктарына жалгыз бир дагы мамлекет каршы тура албайт. Эсиңердеби, 1999 жылы,  Баткенге бир эле террористердин тобу кол салганда, биз мындай коркунучтарга даяр эмес экенибиз билинип калган болчу. Албетте бизге бул окуя чоң сабак болду, өзгөчө күч органдарга, атайын кызматтарга жана аскерге.

— Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча пикириңиз кандай? Акыркы кездерде бул иш бир аз солгундай түшкөндөй сезилбейби сизге?

— Коррупция тилекке каршы, биздин коомго тамырлашып кеткен.Бала төрөлгөндөн баштап, адам каза болгонго чейин бүт акча.Төрөт үйүнө, балдар бакчасына, мектепке, ЖОЖго, ишке киргенге,карьера жасаганга, атүгүл көз жумса көрүстөндөн жай алганга да акча талап кылышат.Бул өтө өкүнүчтүү. Менин оюмча, коррупцияга каршы күрөш солгундаган жок.Аны системага салууга аракет жүрүп жатат, буга убакыт керек. Азыркы президенттин бир артыкчылыгы — ал баарын мыйзам чегинде жасаганга далалат жасоодо. Ошондуктан, коомчулук жөн гана сындабай, күч органдарына жардам берүүгө тийиш, бул биздин жарандык милдетибиз. Мына, кээ бир ведомстволордун кызматкерлери социалдык түйүндөр аркылуу “биздин мекемеде коррупция бар деп ачык айтышууда. Эми ошону күч органдары дыкаттык менен текшерип, коррупциялык фактылары аныкталса сот аркылуу жазалап,  аягына чыгарышы керек. Мында бир аз сабырдуулук, анан убакыт керек. Эгер бир эле күндө күч менен жоюп салабыз десек, коомдо түшүнбөстүк, нааразычылык жаралып, терс көрүнүштөр болуп кетиши ыктымал.

Керим Мурас

Булак: «Азия Ньюс»

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу