АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: “БИЙЛИК  ЭЛДЕН КЕЧИРИМ СУРАШЫ КЕРЕК”

Учурда шайлоонун шайтан оюндары башталып, талапкер болом дегендер тымызын бири-бирине тор жайып жаткан маал. Ошондой эле президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү боюнча бир топ талаш-тартыштар жаралып жаткан кези.

Мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат” партясынын лидери, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов менен алдыда боло турган президенттик шайлоо тууралуу маек курдук.

-Учурда кыргыз мигранттарына болгон көз караш жаман нукка өзгөрүп бара жаткандай, бир кездеги Тышкы иштер министри катары абалга кандай баа бере аласыз?

-Негизинен Азиянын жашоочулары эле радикалдашып кетти деген туура эмес. Мисалы, Европада терракттарды ар кайсы өлкөлөрдүн жашоочулары жасап жатпайбы. Кыргызстандыктар чоң оюндун курмандыгы болбошу керек. Санкт-Петербургда болгон трагедия бизге да тиешелүү болду. Орус элине тилектештик көрсөтүп, бизде дароо иликтөө иштери жүргүзүлдү.

Орусия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр, ЕАЭБдин, КМШнын, ЖККУунун мүчөлөрү катары бири-бирибизди колдоп, өзгөчө коопсуздук маселесине кылдаттык менен мамиле кылуубуз керек. Мындай кырсыктардын айынан биздин бардык мигранттарга болгон мамиле  өзгөрбөшү керек. Мындай терракт башка өлкөлөрдө ар кайсы өлкөдөн чыккан террористтин айынан болушу толук ыктымал.

–Жакында болуп өткөн тегерек столдо, шайлоо алдында саясатчылар бир топко биригиши керек дедиңиз эле, кеп кимдер тууралуу болуп жатканын айта аласызбы?

– 26 жылдан бери саясатчылар элибизге тил эмизип келишүүдө. Убадалар берилгени менен баары сөз түрүндө калууда. Учурда кыргыз мамлекетинин келечегине кайдыгер карабаган, мекенчил, кыргыз мамлекетине күйгөн саясатчылар акаевчи, бакиевчи же азыркы бийликчил деп бөлүнбөй, ниети таза, тарыхы баскан жолу таза, кары жашына карабай баардык жаратман саясатчылар биригишибиз керек.

-Аттарын атай кетпейсизби?

-Азырынча чек койбой эле коёюнчу. Анткени аттарын атасам, айрым аталбай калган саясатчылар таарынып калышы мүмкүн. Биригебиз деген белгилүү, аттуу-баштуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандар, жаштар, дегеле өзүмчүл эмес, элин мекенин сүйгөн инсандар биригип, кайсы муун болбосун акыл калчап, кыргыздын рухий байлыктарын унутпай, дүйнөдө болуп жаткан илимий техникалык өнүгүүнү эске алып иш кылсак кыргыз элинин  келечеги жакшы болот деп ишенем.

Азыр дүйнө жүзүндө ар кандай геосаясий кызыкчылыктардын кагылышы болуп, кооптуу эл аралык абал жаралып турган кези. Дүйнөдө глобалдуу маселелер күчөп, кээ бир мамлекеттердин арасында карама-каршылык болуп, пикир келишпестиктер туулуп, коркунучтуу абал келүүдө. Ушундай татаал эл аралык абалда бизге окшогон алакандай мамлекеттер ички саясатында  ынтымактуулукту, биримдикти бекемдеш керек. Эң биринчи улуттук диалог түзүүбүз зарыл, азыркы кыйынчылыктардан кандай жол таап, чыгып кетүү тууралуу акыл калчашыбыз абзел.

-Президенттик шайлоодо башка өлкөлөрдүн таасири болушу мүмкүнбү?

-Саясатта 2-3 мыйзам бар. Биринчиси, эгерде коомубуз күчтүү, элибиз ынтымактуу болуп, идеологиябыз бир болсо сырткы күчтөр кийлигише албайт. Мисалы, Куба өлкөсү экономикалык кыйынчылыктарга карабай, кубалыктар коррупцияга аралашпаган татыктуу адилеттүү лидерлерин колдогон, сырткы күчтөр АКШ баш болуп кийлигише алган эмес.

Бизде болсо тескерисинче 26 жылдан бери бир нече жолу бийлик алмашса дагы, эл адилеттүү башкарууну, экономикабыздын өнүккөнүн жалпы коом тилекке каршы сезген жок, тескеринче жакырчылык күчөп акыйкатсыздык өнүгүп, бийлик мыйзамсыз күчүн көрсөтүп, коомдо абал оорлошуп кетти. Элдер “тынчтык керек, бизге тоскоол болбой, коопсуздугубузду сактап, чек ара коопсуздугун чечип, тартипти, мыйзамдуулукту орнотуп бергиле, саясатчылардан башка жардам күтпөйбүз, өзүбүздүн арабабызды өзүбүз тартып оокат кылып келе жатабыз ошого көнүп калдык” дешет. Менин оюмча акыркы жылдарда  бийликтеги аткаминерлер өз дүйнөсүндө, коом болсо башка өз дүйнөсүндө жашап жаткандай көрүнөт.

-Кайсы өлкөлөр президенттик шайлоого таасир бериши мүмкүн, деп ойлойсуз?

-Биздин мамлекетке кызыккан сырткы күчтөр көп. Себеби, Кыргызстандын геосаясий орду маанилүү. Түндүк-түштүктө Орусия менен Кытайдын ортосунда, христиан цивилизациясы менен мусулман цивилизациясынын, батыш маданияты менен чыгыш маданияты кезиккен талаада жайгашканбыз, Борбордук Азиянын жана батыш менен  чыгыштын ортосундагы талуу жеринде турабыз.

Ошол эле Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай АКШ, Европалык биримдик, Түркия, араб өлкөлөрү, биздин көп тармактырыбызга кызыкдар экенин билебиз. Ушундай абалда биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз эмне болот деген көйгөй бизди ойлонтуш керек. Ошондуктан биздин саясатчыларды биригүүгө чакырдым. Бул чакырык бийликтегилерге да тийешелүү.  Бийликтегилер акыл калчап, катачылыктарын түшүнүп, эл алдында кечирим сурап, “элибиздин биримдигин сактайлы” дешсе, алар менен да иштешсек болот.

-Президент Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин менен президенттикке талапкерди талкуулайт деген кептер айтылууда, сиздин пикириңиз?

-Мен азыркы бийликтин тышкы саясатын көп түшүнбөй калдым, башаламан. Азыр айтыш кыйын. Бирок дипломатияда көшөгөнүн көрүнгөн жагы жана көрүнбөгөн жагы да болот. Негизги маселе көшөгө артында чечилет. Албетте Орусиябы, Казакстанбы, Өзбекстанбы жана башка биздин эң жакын кошуна мамлекеттер жалпы Борбордук Азияда мамлекеттеринде стабилдүүлүк болушуна кызыкдар жана алар Кыргызстандын жетекчилигине татыктуу элин-жерин ойлогон, жаратман эл башы келгенге, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУга мүчө мамлекеттер менен жакшы мамиле түзө алган, интергацияга кызыкдар адам келишин каалашат.

-Алдыдагы шайлоо тууралуу эмнелерди айта аласыз?

-Шайлоо боюнча эл дагы, саясатчылар дагы эки анжы болуп турат. Бири “ким акчалуу болсо ошол жеңет” деп келсе, экинчилери “эл  татыктууну шайлайт” дешүүдө. Элибиз “эмне болобуз, каякка баратабыз, кимди шайлайбыз” деп, бушайман болуп турат.

Саясатчылар кооз сүйлөп койсо же келбетине карап, акчасына сатылып, шайлоочуулар алданбаш керек. Эл канча жылдан бери эл ишенчээктигинен алданып келе атат, ошол үчүн бийликтеги саясатчыларга тескери карап тургандай көрүнөт. Президент болчу талапкердин адамгерчилик сапаттарын, ишмердүүлүгүн, адилеттүүлүгүн, билимдүүлүгүн  талдап, баскан жолун, тазалыгын, тарыхын аныкташ керек. Дагы бир чоң маселени айтып кетейин, азыркы биздин мамлекеттин абалын жеке бир киши оңдоп кете албайт, ал үчүн ар кандай профессионалдар, бир топ саясатчылар биригип, баардык региондордун тың чыкмалары командасында болуш керек. Ошондон кийин гана акыл калчап, ашказан менен эмес, жүрөгүбүз менен татыктуу адамды шайлашыбыз керек.

-Айрымдары президент мураскер калтырат десе, кээ бирлери жок эл өзү каалаган адамды шайлайт деп келишет, сиздин оюңуз?

-Президент мураскер калтыра албайт. Себеби президенттин коомдо таасири, аброю жогору деп айта албайбыз. Айланасында дагы абройлуу, акылдуу, адилеттүү, сабырдуу, баардык жагынан дал келген саясатчы көрүнбөйт. Бирөөнү коём деп аракет кылышы мүмкүн, бирок ал баягы эле эл бузар болот. Элге өзүнүн каалаган адамын шайлагыла деп таңууласа коомдо нааразычылык күчөп, ажонун өзүнө дагы кыйынчылыктарды жаратат. Мындай кадамга барардан мурун президент жети өлчөп бир кесиши керек.

-Президент Алмазбек Атмбаев өкмөт башчы болот деген да кептер бар…

-Андай болушу кыйын, анткени президент душмандарын аябай көбөйтүп алды. Ал тактыдан кетип, башка кызматты аркалайм деп аракет кылса күчтүү душмандары макул деп отуруп беришпейт. Кетээрде бийлигимди сактап калам, партиямды бекемдейм деген ойдон алыс болбосо, бул өтө чоң саясий кагылышууларды жаратышы мүмкүн. Андан көрө президент кетээр алдында элди ынтымакка чакырып, сабырдуу, кечиримдүү болушу абзел.

-Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун камалышы боюнча пикириңиз..

-Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун камалышы саясий көрсөтмө экенин оркоюп эле көрүнүп турат, мыйзамдуулук жөнүндө болсо айтыш кыйын. Президент кетээрде мынча душман күтүп эмне кылат? Бул логикага жатпайт. Кетип жаткан адам баары менен сый болуп, жакшы маанайда кетиши керек эле. Бүгүн сын такмай, карама-каршылык, саясий тиреш күчөп, саясатчылар арасында бири-бирин жек көрүү, көрө албастык сезимдер күчөп кетти.

Бул алысты көрбөгөн саясат жана коомубузду жакшылыкка алып келбейт. Дагы деле кеч эмес, жакшы ойду ортого салып, кекчил болбой, элден кечирим сурап, жакшы кадамдарды жасаса,адилеттүүлүктү жакшы көргөн, биздин эл абдан сабырдуу, кечиримдүү, баары ордуна келиши мүмкүн.

-Сиздин оюңузча президенттик шайлоо качан болушу керек?

-Президенттик шайлоо эртерээк болсо туура болмок. Президентти шайлоону күнүн ноябрь айынан октябрь айына жылдырып жатышканы эле мыйзамга туура эмес келген күндү коюп алышканын көрсөтүп турат. Августта шайлоо болсо президент 1-декабрга чейин өзүнүн милдеттерин аткара бермек. 1-2 айдан эч нерсе өзгөрбөйт да. Көз ирмемдей эле убакыт экен.

Анан калса, бийлик шайлоо учурунда административдик ресурс колдонобуз деп жаңылып жатат. Бул жолу административдик ресурс иштебейт, иштесе дагы натыйжасыз болот. Себеби президент экинчи мөөнөткө шайланса шуулдап иштешмек, башка президент келерин билип алышкан чиновниктеркимди колдойбуз деп, эмитен эле көздөрү ойноп, жылуу-жумшак ордун сактап калууну көздөп ойной баштады.

-Президенттик шайлоого катышасызбы?

-Мен үчүн негизги максат мамлекеттин жана улуттун кызыкчылыгын колдоо.Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн, келечекти ойлогон, тарыхы таза инсандар болсо ошол адамдар менен чогуу болсок эмнеге болбосун?..

– Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу