Аликбек Жекшенкулов: “Атамбаевге эч ким тузак салган жок, ал өзүн-өзү коррупцияга чырмап алды”

— Атамбаевге эч ким тузак салган жок деп ойлоймун. Болгону ал өзүн-өзү коррупцияга чырмап алды. Эң жакын адамдары коррупцияга шектелип, четинен камалып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков 8-февралда Коопсуздук кеңешинде “коррупцияга каршы күрөшөбүз” – деген чечкиндүү сөзүнөн кийин күч органдары коюлган тапшырмаларды шымаланып аткарууга киришти.

Жогорку кызматтарды аркалаган, азыр камакка алынган мурунку чиновниктер ТЭЦке бөлүнгөн кредитти “туура эмес жумшап, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды” деген шек менен кармалып жатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын коомчулугунда маалыматтар жетиштүү, ошон үчүн президенттин коррупцияга каршы күрөшүн, чечкиндүү кадамдарын мыйзам чегинде колдоодо.

Булак: «Майдан.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу