Текебаевдин сотунда Модин Атамбаев менен Маевский тууралуу эмне деди?

Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов соттун жүрүшүндө төмөндөгү суроолорду Алексей Модинге узатты:

Искен: Сиз Максим Бакиев менен жеке таанышсызбы?

Модин: Ооба

М. Бакиев менен кайсы жылдары таанышкансыз?

Модин: 2007-2008 жылдары таанышып жакшы мамиледе болгом.

Искен: Сиз Алексей Елисеев менен жеке таанышсызбы?

Модин: Ооба

Искен: Ал эми Алексей Чёрных менен таанышсызбы?

Модин: Ооба, биз Чёрных экөөбүз «Кыргызавтомаш» заводунда жолукканбыз.

Искен: Лоенид Маевский сизге Президент Атамбаев менен жолугуусу мүмкүндүгүн айтты  беле?

Модин: Өлкөнүн ичинде эмес.

Эми сиздерге жогорку аты аталгандардын ким жана эмне менен алектенген ысымдар экенин чечмелеп бермекчибиз.

  1. Максим Бакиевди баарыбыз билебиз, ал мурдагы  президент  Курманбек Бакиевдин баласы. Ал жөнүндө айта берсек сөз көп, Кыргызстанда 2- революция себепкер болгон, элди тоногон көптөгөн кылмыштардын негизинде сыртынан кесилген..
  2. Елисеев Алексей Максим Бакиевдин ишенимдүү адвокаты, ал аркылуу көп финансылык махинациялар жүрүп турган.
  3.  Чёрных Алексей Атамбаевдин заводунда башкаруучу кеңешинде акцияларга ээлик кылат. Ошондо кайра эле Атамбаевге барып такалып, бул буйрутма кылмыш иш экени мектеп окуучусуна да белгилүү болуп турат.
  4.  Модиндин жообуна таянсак, Маевский менен Атамбаев Кыргызстанда эмес, башка өлкөдө жолугушуусу мүмкүн экен да.

Кыскасы кызыктар дагы алдыда, бийликтин бул кылгандары акыры ачыкка чыгат, кеч болуп кала электе токтоушу керек.

БУЛАК:ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу