«Алдар көсөөнүн» алты амалы, жети илеси же Бабановчо «бакылдоо»

31-июлда борбор калаабызда өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкер болуп чыгып аткан
Өмүрбек Бабанов маалымат жыйынын өткөрдү. Буга чейинки саясый ишмердүүлүгү эң кооз убадалар жана
пиар-жүрүштөр менен гана шөкөттөлгөн Бабанов өзүн саясатка аралашканга чейин эле «бутуна туруп калган» адам катары көрсөтүп, эгерде президент болуп кала турган болсо (тфу-тфу) бизнес менен такыр алектенбей турганын билдирди. Биз анын маалымат жыйынында айткан айрым пикирлерине кыскача комментарий бере кетели. Журналисттердин берген суроолоруна жооп берип жатып Өмүрбек Токтогулович:
«Башка талапкерлерге караганда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдо көбүрөөк
шанс бар, себеби ал өкмөт башчысы болуп саналат. Мисалы, КТРКнын жаңылыктары 30
мүнөт көрсөтсө, анын 29 мүнөтү Жээнбеков тууралуу. Бул башкаларга карата бир аз
туура эмес, себеби анын талапкерлигин ачык эле колдоо көрүнүп атат», — деп «балп»
эттирди.

Биринчиден, КТРКнын жаңылыктар берүүсү 30 мүнөт болуп саналса, анын 29 мүнөтү
Жээнбеков тууралуу деп айтканы таптакыр эле көбүртүлүп айтылганын баса белгилеп
коелу. Мунун өзү Бабанов Жээнбековго «кара пиар» жасап атканын көрсөтүп турат. Ал
эми Бабанов өзү болсо «башкалар мага «кара пиар» жасоодо, мен аларды сотко берем»
деп коркутуп туру. Андыктан Бабановду КТРКнын жаңылыктар берүүсү тууралуу
айтканы боюнча эле сотко берсек, эч качан айтканын факты жүзүндө далилдей албайт.
Демек, соттон утулат.

Экинчиден, Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө өкмөт башчысы. Демек, анын өкмөт
башчысы катары жасап аткан иштерин чагылдыруу эч кандай рекламага жатпайт. Муну
БШКнын арыздарды териштирүү боюнча жумушчу тобунун башчысы Алмаз Асанбаев да
маалымат булактарынын бирине берген маегинде тастыктаган: «Жээнбеков каттала
элек. Мыйзамда ал катталгандан кийин өзүнүн кызмат ордун бошотуп берет деп
жазылып турат. Ал киши азыр өзүнүн функционалдык кызматын аткарып жатат.
ЖМКлар өкмөттүн жасаган иштерин гана чагылдырууда. «Мен кыйынмын, мени
шайлагыла» деген чакырык жок. Мыйзам чегинде эле болуп жатат азырынча», — дейт ал.
Демек, Бабанов президенттикке талапкердин ишмердүүлүгү менен өкмөт башчысынын
ишмердүүлүгүн чагылдыруунун айырмасын аңдап билип алса туура болмок.
«Эч качан эч нерсе жашырган эмесмин» деген Бабанов өз байлыгын
декларациясында көрсөтпөй жашырганын унуттубу?

Журналисттер Бабановдун шайлоо штабынын акча фондусу кандай болоруна да
кызыгышты. «Мен эч качан эч нерсе жашырган эмесмин, баардыгын ачык-айкын
жүргүзүүнү каалайм. Шайлоого канча каражат керек болсо, ошончо коротом», — деген
жообун берди.

Биз өтө алыстагыбыз келбейт, Бабанов мырза өкмөт башчылыгын аркалап турган
убагындагы толтурган декларациясын унутуп калдыбы? Ага ылайык Бабановдун баш
калкалай турган үйү, ары-бери чапкылаганга жок дегенде бир калдыраган машинеси
жок болуп чыкпады беле? Эмнеге ошондо өз байлыгын коомчулуктан жашырды эле?
Баардыгы ачык-айкын болушун каалаган саясатчы да ушундай кылабы?
«Банкрот» эмес, жакшынакай иштеп аткан ишканаларды басып алганын да
жашырабы?

Бабанов: «Мен башкалардан айырмаланып бир дагы мамлекеттик ишкананы
менчиктештирген эмесмин, банкрот болгон ишканаларды сатып алгам», — деп төш
какты. «Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» демекчи, анын кайсыл
ишканаларды атайылап «банкрот» кылып, коркутуп-үркүтүү жолу менен тартып алганын
билбейбизби?

Маселен, ошол эле «АКБ Кыргызстан» банкын Шарипа Садыбакасовадан Максим
Бакиевдин жардамы менен тартып алганын кайрадан эсине салалыбы? Канкор
бийликтин жардамына таянган Бабановго Садыбакасова аргасыздан «АКБ Кыргызстан»
банкын 30 филиалы жана сберкассалары менен 74 ар кандай багыттагы структуралары,
андагы 550 миллион сому менен чогуу өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 2008-жылы
банктын активдери 2 миллиард 124 миллион 540 миң сомду түзүп, анын 471 миллион
477 миң сому накталай акчалар менен Улуттук банктагы «АКБ Кыргызстандын» эсебинде
турган. Ошол убакта банктын алты айдагы кирешеси 35 миллион сомго жетип, Улуттук
банк талап кылган бардык экономикалык нормативдерге жооп берген. Анан ушуну
кантип «банкрот болгон ишкана» болчу деп айта алабыз?
Ишкер Валерий Хонго тиешелүү болгон нефтебазаны да кандайча тартып алганын, анын
өмүрүнө кандайча коркунуч туудурганын айтсак да өзүнчө узун сөз болот. Мына
ушундайча «банкрот болгон ишканаларды сатып алгам» деп төш какканча, эртең ушул
аракеттерине мыйзам алдында жооп берип калбаймбы деп ойлонсо дурус болчудай.
«Эч ким менен тандемге барбайм, бирок баардыгы менен биригүүгө
даярмын»

Ушул логикага түшүндүңүздөрбү? «Мен премьер-министр болуш үчүн эч ким менен
тандемге барбайм. Муну менин оппоненттерим чыгарып атат. Саясатчы мамлекетти
кантип бириктирүүнү ойлонушу керек. Менин идеямды колдогон бардык талапкерлер
менен биригүүгө даярмын», — дейт ал. Бир сөзү экинчи сөзүнө каршы келип атабы? Же
бир аз «айный» түшкөнбү? Деги ал бириккиси келип атабы, же таптакыр бириккиси
келбейби? Оюңузду тактап айтыңызчы Өмүрбек мырза.

Булак: sayasat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу