Алданууга болбойт! Коррупционер мамлекеттин тынчтыгын уурдагысы келет

Тынчтык, ынтымак, биримдик, тазалык, акыйкаттык жана мыйзамдын үстөмдүгү орноп турган өлкөдө гана өнүгүү боло турганын жакшы билебиз. Ошондой өлкөлөр ар тараптан өнүккөн, дүйнөнүн алдыңкы сабындагы өлкөлөр болуп келет. Ал эми кайсыл жерде уруш-талаш, жаңжал, бийлик талашуу, таасир талашуу, акыйкатсыздык, коррупция жойлоп турса, анда андай өлкөлөрдүн куту учуп, жери кемип, шаарлары талкаланып, башка эле тышкы күчтөрдүн күч сынашкан талаасына айланып калууда. Демек, уюткулуу элибиз бекеринен «ырыс алды — ынтымак» деп айтып келбеген экен да.

Кыргызстан 1991-жылы узак кылымдар бою жоготуп алып, кайра издеп жүргөн эгемендигин колуна алган. Ошондон бери карай учурда бешинчи президент өлкөнү башкарууда. Биринчи жана экинчи президент үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, коррупцияны Ак үйдүн 7-кабатына чейин жеткире өстүрүп, тамырын кенен жайып таштаган эле. Өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева өлкөнү кыска убакыт башкарды. Анын 2010-жылдагы апрель революциясынан кийинки курчуп турган кырдаалды турукташтырууга кошкон салымын белгилеп коюуга болот. Ал эми 2011-жылы бийликке келген А. Атамбаев өлкөнү алты жыл бою өзүнүн шоопуру, жансакчылары, күйөө бала-кудалары, катчы кыздары, «оң кол», «сол колдору» менен башкарганы билинди.

Ал үй-бүлөлүк башкарууну жок кылдым дегени менен жогорудагыдай ат токурлары менен үй-бүлөлүк башкаруудан да коркунучтуу клан түзүп алган экен. Ал жогорку мамлекеттик кызматтарга чейин жогорку билимдүү экенин тастыктаган дипломдору жасалма жансакчыларын дайындаганын да айта кетели. Айтор, ошол кланы менен ал алты жыл бою өлкөбүзгө контрабандалык товарларды ташып келгени ачыкка чыкты. Муну «Дача СУга» кулаган учактагы жүк ашкере кылды. Чет мамлекеттерден алынган ири суммадагы кредиттердин жарымысы АШАнын кланынын алкымымына кирип кеткени да белгилүү болду. Муну Бишкек ТЭЦи менен Тарых музейин оңдоодогу жойлоп кеткен коррупция ачыкка чыгарды. Мына ушундай былыктары билинип калган А. Атамбаев эми учурдагы бийликке каршы маалыматтык чабуулун жасап атканы белгилүү. Анын жүргүзүп аткан маалыматтык чабуулу мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келерин да эскерте кетели.

Мисалы, АШАнын маалыматчылары элди түндүк-түштүккө бөлгөн трайбалисттик саясатты жүргүзүүдө. Ал эми АША өзү Чүй облусунун аттуу-баштуу адамдарын чогултуп алып, «Жаз даярдангыла! Ошондо баарын бүтүрөбүз» деген чакырык жасап атканын уктук. Ушул жылдын күз айларында да бийликти басып алууга аракет жасаары айтылып келет. Бирок, элибиз эч качан коррупционердин артынан ээрчибейт. Элибиз эч качан өлкөнүн тынчтыгын бузгусу келгендерге ишенбейт. Муну Атамбаев балким түшүнгүсү келбейт, бирок реалдуу чындык ушундай. Ал азыр деле «менин мурдагыдай кадыр-баркым бар» деп ойлосо терең жаңылышат. Ал өзүнүн кадыр-баркын коррупциялык иштердин башында турганы аракети менен төгүп алды. Эми анын орду бийликте эмес, темир тор артында гана болууга тийиш.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу