Алдамчылыкка шектелип камалган ырчы Абдумалик Шерматов бошотулду

Алдамчылыкка шектелип камалган ырчы Абдумалик Шерматов бүгүн, 28-августта бошотулду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG`ге өзү билдирди.

“Бул подстава болуп атайын жасалган нерсе. Жазгандардын баары тосмо арыз беришти. Бирок эч кимди жамандабаш керек. Баарына Кудай күбө”, — деди Абдумалик Шерматов.

Ал эми жабыркаганын айтып, ырчынын үстүнөн арыз жазган өзүн тааныштыргысы келбеген жаран ырчы карызын төлөп бергенден кийин тосмо арыз жазып бергенин айтты.

Ооба Абдумалик Шерматов бүгүн бошотулду. Ал карызын төлөп берди, ошондуктан биз тосмо арыз бердик. Эки күндөн бери өзүм чуркап жүрүп бүтүрдүм. Анткени анын камкордугундагы көзү азиз Айнагүл Абасова кош бойлуу экен. Адам катары ага боорум ооруду. Бул эч кандай подстава эмес, ал 2004-жылы чыккан STEP WAGON үлгүсүндөгү өзүнүн унаасын алты жарым миң долларга баалап өткөрүп берди. Менден 10 миң доллар карыз болчу. Мен калганын кечтим. Ал эми башка карыздарын жарым жыл ичинде бөлүп, бөлүп төлөп бере турган болуп тил кат жазып берди. Бул документтердин баарын мен силерге көрсөтө алам”, — деди ал.

Эске сала кетсек, Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип, 15-августта кармалып, 2 жумага тергөө абагына камалган болчу.

 

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу