Албек Ибраимов өзү аралашпаган болсо мыйзамсыздык качан токтойт?

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кулак кагыш кылып коюуну чечтик. Шаарга
караштуу жерлер бар, алардын көпчүлүгү 49 жылга делип ижарага берилип кеткен. Мына
ошол жерлердин ижара акысын төлөбөй, мамлекетке миллиондоп карыз болгон
ишкерлер бар экен. Алар эмне үчүн мамлекетке жер акысын төлөөдөн баш тартып, УМС
кызматкерлерин үч тамга менен посылать этип жатышат. Артында ким турат? Дордой
базарына жанаша жайгашкан Алтын-Too базарынын кожоюну эч кимди уруп ойнобой, 57
млн жер акысын төкпөй жүрөт. Бул бир гана биз билип калган факты, билинбей дагы
канча миллионер элдин эсебинен жашап, мыйзамды уруп ойнобой жүрөт болду экен.
Эгер Албек мырза бул иште таза болуп, өзү аралашпаган болсо, анда мыйзамды
сыйлабагандардын сазайын колуна берет деп ишенебиз.

Булак: “Ачык саясат”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу