Албек Ибраимов эми мэр эмес. Депутаттар ага ишеним көрсөтпөө чечимин жарыялашты

Бишкек шаарынын кезексиз жыйынында калаа мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Мындай чечим депутаттардын 40 добушу менен кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган эсептөө комиссиясынын төрагасы Валентина Лисниченко “Бишкек шаарынын мэри Албек Сабирбекович Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүгө 40 депутат катышып, алардын ичинен 40 добуш менен (бир добуштан) мэрге ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынганын” жарыялады. Ошентип, шаардык бийликтин тарыхында биринчи жолу мэр депутатардын чечими менен кызматынан алынды. Атамбаев кезинде кош колдоп “бир добуштан” кызматка бекиткен Шаардык кеңеш бул жолу ошондой эле күү менен аны ыргытып салды.

Буга чейин, мэрди кызматынан кетирүү мүмкүнчүлүгү айтылып, ал маселе бүгүн чечилээри болжолдонгон. Бирок, анын алдына алган А.Ибраимов кечээ бир айлык эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен. Депутаттардын чакыруусуна карабай А.Ибраимов жыйынга келген эмес. Анын чет өлкөгө чыгып кеткендиги айтылууда.

Мэрге буга чейин “Дастан” корпорациясындагы мүлктөрдүн шылуундук менен сатылышы боюнча кылмыш иши козголгон, азыр тергөө иши жүрүп жатат. Мындан тышкары, ага Кытай корпорациясы ТВЕАнын каражатына курган мектептеги коррупциялык иштер боюнча да кылмыш иши козголгон. Ал эми жакында эле мэрдин биринчи орун басары Ренат Макенов да жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бул кылмыш иши да А.Ибраимовго карата баратканы айтылып келген.

Эске салсак, 2016-жылы Албек Ибраимовду борбор калаанын мэрлигине КСДП фракциясы сунуштаган. Ага чейин ал Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары, “Манас” аэропортунун жетекчиси кызматтарын аркалаган. Бул кызматтарга аны экс-президент Алмазбек Атамбаев түртмөлөп келгени дайын. Мэр кызматына А.Ибраимов Кой-Таштагы 2,7 га жер аянтын Атамбаевге пара катары берүү менен дайындалганын буга чейин экс-депутат Өмүрбек Текебаев айтып келген. Ал жер тилкеси мурда Максим Бакиевге тиешелүү деп эсептелчү, ал жерге Атамбаев дача курган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу