Албек Ибраимов Швецарияны көздөй «зуу» койгонбу?

Кечээ «ТНК Дастан» ишканасынын башчысы Юрий Васильев камакка алынгандыгын кабарлашты. Буга улай эле Бишкек шаарынын мери Албек Ибраимовдун камакка алынышы да күтүлүүдө.

Бирок учурда Бишкек шаарынын мери Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыгып кеткендиги айтылууда. Анын кайда эс алып жаткандыгы боюнча маалымат жок болууда. Ал ортодо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулуу алдында турушат.

Айрым маалыматтар боюнча Ибраимов Швецарияны көздөй зуу койгону айтылууда. Так маалыматты тиешелүү органдар бериши керек эми.

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу